Малайзиянын падышасы өз эрки менен тактыдан баш тартты. Ал жакында эле орус модель кызга үйлөнгөн

Малайзиянын падышасы, Келантан султаны Мухаммад V күтүүсүз жерден тактыдан өз эрки менен баш тарткандыгы тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Маалым болгондой, жаңы падышаны 5 жылда бир тандашат. Андан сырткары Малайзия өлкөсүндө такты мурастан-мураска өтпөйт. Ал эми Мухаммад V`тин башкаруусу 2022-жылы соңуна чыкмак. Азыркы учурда анын эмне себептен өз эрки менен тактыдан баш тарткандыгы белгисиз.
Эске салсак, 2018-жылы 22-нобярда Мухаммад V "Мисс Москва-2015" сынагынын жеңүүчүсү 25 жаштагы орусиялык модель Оксана Воеводинага баш кошкон. Жаңы жашоо үчүн баарына даяр болгон модель атын Рихана деп өзгөрткөн.
Белгилүү болгондой, жыл аягында алар балалуу болуу үчүн Германиядагы клиникалардын бирине кайрылышкан. Маалымат булактарынын жазганына караганда, 49 жаштагы экс-падыша буга чейин да үйлөнгөн, бирок анын мураскери жок. Ошондуктан бул көйгөйгө ал олуттуу карай баштаган деп айтылат маалыматтарда.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
mirlanpiter

07.01.2019. 12:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тактыда олтурса мураскери жок калат ,ошого үйүнө барып Рихана мн бирге болууну чечкен окшойт, мүйүз чыгып калбасын деп
mirlanpiter түзөттү 2019-01-07 12:05:15
bond02

07.01.2019. 15:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец экен бийлик менен байлыктан баардык эле адам баш тарта албайт.
Aikaaaa

07.01.2019. 18:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми модель чанып кетпесе экен
admin_portal

08.01.2019. 18:09
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Musul_Manka_84, темага тиешеси жок билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.