Ноокат районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду




Ноокат районунда жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, каза болгондордун баары Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаанын жүргүнчүлөрү болгон.
"6-январь күнү саат 8:15 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 73-чакырымындагы Ноокат районунун Төөлөс айыл аймагында МАН 26-464 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Жыйынтыгында жеңил унаанын жүргүнчүлөрү Кызыл-Кыя районунун тургундары 18 жаштагы И.уулу.Т. жана 29 жаштагы Ш.М. окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми Бишкек шаарынын тургуну 20 жаштагы К.П. Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында каза болду.
Калган жүргүнчүлөр Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 24 жаштагы У.У. 44 жаштагы Ш.А. 20 жаштагы З.Г. жана жеңил унаанын айдоочусу 37 жаштагы А.З. ар кандай жаракаттары менен шаардык ооруканага жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.
Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, азыркы учурда аталган окуя боюнча тергөө жүрүп, ишти Ноокат райондук ички иштер бөлүмү алып барууда.
кошулду
Ошто жеңил унаа менен жүк ташыган унаа кагышып үч адам каза болду




.jayi jannattan bolsun
Мухаммед эжемдин куйоосу болчу