super.kg logo

АКШда каза болуп калган 11 жаштагы баланын жакындары анын өлүмүнө балыктын жыты себеп болгонун айтышууда

 

АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган 11 жаштагы Кэмерон Жан-Пьера Рождество майрамында чоң энесинин үйүнө конокко барып, ошол жактан каза болуп калганын чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Анда жазылгандай, өспүрүмдүн балыктан аллергиясы болгон, ал күнү ашканада балык да куурулган.

Кэмерон балыкты жегени же жебегендиги азырынча белгисиз.

"Жакындары балыктын өтө күчтүү жытынан ага дем жетпей калган деген божомолдорду айтышууда. Ата-энеси баласынын өмүрүн сактап калуу аракеттерин көргөнү менен, натыйжа чыккан эмес. Өспүрүм эсин жоготкондо "Тез жардам" чакырышкан. Бирок бала ооруканада каза болгон. Жакындары аны балыктын жытынан улам аллергиясы козголуп көз жумду деп айтышкан. Азырынча анын өлүмүнүн себебин аныктаган экспертизанын жыйынтыгы чыга элек. Өспүрүмдүн жакындарынын божомолуна полиция кызматкерлери да кошулууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.01.2019. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ким эмнеге аллергиясы бар экенин билип жургону жакшы, биз жакта бир эжеке аары чагып эле отуп кетти, байкуш аарыдан аллергиям бар деп этияттанып журчу эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: