Дональд Трамп менен Ким Чен Ын Вьетнамда жолугушуусу мүмкүн

АКШ жана Түндүк Кореянын өкүлдөрү Дональд Трамп менен Ким Чен Ындын кезектеги жолугушуусу жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, аталган эки өлкөнүн ортосундагы экинчи саммит Вьетнамдын борбору Ханой шаарында болушу мүмкүн.
"Эки тараптын өкүлдөрү саммит тууралуу буга чейин Ханойдо сүйлөшүү жүргүзүп, убактысын кеңешишкен. АКШ тарап Индонезия, Монголия, Гавайи жана Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын чек арасындагы Панмунжом аймагын да саммит өткөрүүгө ылайыктуу жер катары көрүшүүдө", - деп жазышат басылмалар.
Трамп да акыркы маектеринде саммит боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын ырастаган. Биринчи саммит 2018-жылдын 12-июнунда Сингапурда өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.