super.kg logo

Таластагы үлпөт кортежинде "автомат алып жүрүшөт" делген жарандар суракка алынды. Милиция "автомат базардагы 300 сомдук оюнчук" дейт

 

Үйлөнүү үлпөт тоюнда уюштурулган кортежде колдоруна курал сымал нерселерди алып, унаанын терезесинен белине чейин чыгып алып көчө кыдырган адамдардын интернетке тараган видеосу тууралуу милиция билдирүү таратты.

Окуя Талас облусунун аймагында болгон. Талас ОИИБинин басма сөз кызматкери Динара Сарногоеванын айтымында, окуя өткөн жылдын ноябрь айында болуп, ал эми жарандардын колундагы автомат делген нерсе оюнчук экени аныкталган.

"Видео тарагандан кийин иликтөө иштеринин алкагында, аталган үйлөнүү тою 2018-жылдын 24-ноябрында болгону аныкталды. Милиция кызматкерлери унаадагы кортеждин айрым катышуучуларын таап, суракка алышкан. Алар үйлөнүү тоюн видеого тартуу иштеринде кадр кооз чыгышы үчүн ошондой кадамдарга барышканын айтышты. Ал тургай автомат сындуу буюмду да алып келишкен. Ал базарларда сатылган 300 сомдук автомат оюнчуктар болуп чыкты. Унааны башкарып бараткан айдоочулардын жана тартип бузганга катыштыгы бар адамдардын баарын Талас облусунун аймагынан табуу мүмкүн болбой жатат. Анткени тойго башка аймактардан келген коноктор да бар. Ошентсе да жүрүп бараткан унаанын терезесинен белине чейин чыгып отуруп алышканы үчүн тиешелүү адамдарга административдик чаралар көрүлүүдө. Ал эми видеону монтаждап тараткан адамдар табыла элек", - деди Сарногоева.

Кечээ жакында эле интернетке тарап, талкуу жаратып жаткан видеодо үлпөт тойдун кортежинде белгисиз адамдар автомат сындуу нерсени алып унаанын терезесинен чыгып алганы тартылган. Басма сөз кызматынын айтымында, видеодо чыккан автоматтын үнү монтаждалып кошулган. Учурда иликтөө иштери уланууда.






Таласта кортежде автомат алып жүрүшөбү?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
07.01.2019. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таласта болуптур да)
07.01.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Видеодогу автомат менен окшобойт бул автомат
07.01.2019. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бала бакчанын балдары уйлонгонбу?) Биротоло оюнчук машиналар менен эле чыгышса болмок экен. Буум буум деп...
Kattaldym түзөттү 2019-01-07 16:40:46
07.01.2019. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Не чыкса болбойбуу Автомат мн егер документальный сатып алса.бироону атпай еле воздуха атса
Медиа-портал
07.01.2019. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кыргыз элин ким ойлоп койгон бул орган кызматкерлери.
07.01.2019. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айттым эле го маскара болосунар деп
ииии оюнчук менен тойго чыгышып хаха
08.01.2019. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
өпкөңөрдөн иийй силердин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: