ЖАМК: "Абактагы Жаңы жыл" деген видео быйылкы майрамда тартылган эмес"
"Абактагы Жаңы жыл" аталышындагы интернеттеги видео боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылып, бир нече суроолорго жооп алдык. Мекеменин билдиргенине караганда, аталган видео быйылкы 2019-Жаңы жылда тартылган эмес. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова SUPER.KG'ге билдирди. Абактарда жазасын өтөп жаткан жарандардын телефонду эркин колдонуусу боюнча жана уюлдук байланыштын сигналын басаңдатуучу жабдыктар коюлгандыгы боюнча берген сурообузга төмөнкүдөй жооп алдык.
"Интернетке тараган видео өткөн жылдарда тартылганы аныкталды. Ал жактагы жазасын өтөп жаткандардын фейерверкти телефонго тартып жатканы боюнча ошол мекеменин жетекчилиги тиешелүү жазаларга тартылышкан. Тилекке каршы, бардык эле жаза өтөө мекемелерине уюлдук байланыштын сигналын басаңдатуучу жабдыктарды коюуга каражат жетишсиз. Андай жабдыктар оор кылмыш кылып соттолгон жарандар жаза мөөнөтүн өтөп жаткан абактарга гана коюлган. Шарт ушундай болуп жаткандыгына байланыштуу абактагы кылмышкерлерди маал-маалы менен текшерип, телефондорун алып турушат. Бирок кайра эле белгисиз жагдайлар менен телефондуу болуп калышат. ЖАМК жаңы мыйзам долбоорлорун сунуштоодо. Анын ичинде уюлдук телефон колдонгон кылмышкерлердин жаза мөөнөтүн узартуу, же аларга телефон катып алып кирип берген эркиндиктеги жарандарды дагы жазага тартуу сыяктуу мыйзам долбоорлорун сунуштап жатабыз", - деди ал.
Эсиңиздерде болсо, SUPER.KG порталынын ЭЛДИК ВИДЕО бөлүмүнө "Түрмөдөгү Жаңы жыл" аталышындагы видео жүктөлгөн. Анда колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар түрмөнүн короосунда Жаңы жылды майрамдап, бири-бирине каалоо-тилектерди айтышат. Мындан соң абактагылар үчүн атайын фейерверк уюштурулганы тартылган. Абактарда жазасын өтөп жаткан жарандарга уюлдук телефон колдонууга тыюу салынганына карабай, алардын көпчүлүгү асмандагы кооздукту телефонго тартып жатканын байкоого болот.
Түрмөдөгү Жаңы жыл






1 |