
Ак Үйдүн жанына түкүрүп, аны видео аркылуу
жарыялап, бийликке кайрылуу жасаган жаран милиция бөлүмүндө сурак берди. Мындай маалыматты
SUPER.KG порталына Ысык-Көлдүн Тоң райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милиция аталган жаран менен профилактикалык максатта сүйлөшүү жүргүзгөн.
Андан кийин эле интернетке Ак Үйдүн алдына түкүргөн жарандын милицияда сурак берип жаткан видеосу тарады. Анда ал жаран атын Рамис деп тааныштырып, 1992-жылы туулгандыгын айткан. Видеодон суракка алынган жаранды 20дан ашуун адам колдоп барганын көрүүгө болот. "Болгонун болгондой айтып, түшүнүк кат жазып бердим. Мыйзам боюнча жоопкерчилик тартууга даярмын. Мени эч ким үгүттөгөн эмес. Элдин үнүн уксун деп ушундай кылдым. Эч кандай уруп-согуу болгон жок. Баарын Бишкектен чечишет экен. Чакыруу болсо ал жакка дагы барам. Эч жакка качпайм", - деген ал сурактан чыккан соң.
2019-жылдын 1-январынан тартып эреже бузуу жөнүндө кодекс ишке кирген. Анда коомдук жайларда түкүргөндөргө 5 500 сом айып пул салуу каралган.
мен бул жигитке молодец экен дедим. бул жакта жазып койуш оңой андай кылбайбы мындай кылбайбы деп . колдон келбейби анда .өттү бекем кысып отуралы мешке көмүр салып
Ушу эмнесине молодец! Бүгүн дагы бирөө чыгыптыр, мен да түкүрөм деп, эки жолу түкүрүп, 10000рублин көрсөтүп, эми ушу өнөрбү! Акмактыктын эң жеткен чеги! Адамга кыйыны күн сайын адам болуу. Башка өлкөлөр деле таң калып бүтүштү го, кыргыздардын мээси мээ эмес эле маңка экен деп. Ушуга атайын закон киргиздирбей эле таза болсок болбойт беле? Өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак бизди ким сыйлайт! Минтип биз жерибизге түкүргөндү күнүгө интернетке чыгарып мактанып атабыз, эрдик ж
Андан көрө акчаңар көп болуп атса, колунда жокторго, оорукчандарга, жетим жесирлерге, бей бечараларга бергиле