super.kg logo

Америкалык актёр Жим Керри өзүнөн 22 жаш кичүү актриса менен мамиледе экени белгилүү болду

 

Америкалык белгилүү актёр, комедия жылдызы Жим Керринин өзүнөн 22 жаш кичүү актриса менен мамиледе экени ачыкка чыкты. Чет элдик басылмалар актёр сүйүктүүсү менен "Алтын глобус" киносыйлыгына чогуу келгенин жазып чыгышкан.

56 жаштагы актёр салтанатка актриса Жинжер Гонзаганы ээрчитип келген. Белгилүү түгөйлөрдүн мамилесин алардын жакындары ачыкташкан. Маалым болгондой, Жим Керри сүйүктүүсү Катриона Уайтты 3 жыл мурда жоготкон. Кайгыда жүргөн актёр ошондон бери эч ким менен мамиле курган эмес.

Маалымат үчүн:

Актёр 1987-жылы 8-мартта Мелисса Уомер аттуу актрисага үйлөнүп, ошол жылдын 6-сентябрында Жейн аттуу кыздуу болгон. 1991-жылы ноябрда Жим апасынан, 1994-жылы атасынан айрылган. Атасынын өлүмүнөн бир жыл өткөн соң ал Мелисса менен ажырашып, актрисага 7 миллион доллар төлөп берген. Мындай абалдан чыгуу үчүн актёр антидепрессанттарды колдонуп, ал жыйынтык бербегендиктен витамин ичип, спорт менен машыга баштаган.
1995-жылы актриса Лорен Холли менен баш кошуп, 10 айдан кийин ажырашып кеткен. Мындан тышкары Рене Зеллвегер, өзүнүн дарыгери Тиффани Сильвер жана моделдер Женни Маккарти, Анин Бинг, Катриона Уайт менен сүйүү мамилелерин курган. Катриона Уайт актёр менен мамилесин үзгөндөн кийин көп дары ичип, өз жанын кыйган. Анын өлүмүнөн соң актёрго калтырып кеткен акыркы каты табылган. Анда кыз Керрини "мага оору жуктуруп, адам катары абдан басынткан" деп айыптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.01.2019. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы актёр кинолору жагат коп кызды коруп койуптур
08.01.2019. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Дагыле бир каяктагы американец экен егерде бир мусульман болгондо балеге калышмак. Мындай корунуш мусульман барды вы эле даман корунуш башкаларга эчтеке болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: