super.kg logo
  Саясат  

Жактоочу: "ЖАМКнын өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевге ырайым сурап кайрылуу жазышын сунушташыптыр"

 

"Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү келип, ага ырайым берүү боюнча өзү кайрылуу жазышын сунуштаган. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова ырастады.

Анын айтымында Өмүрбек Текебаев кайрылуу жасаган депутаттар жана Роза Отунбаевага ыраазы экенин белгилеп, бирок президенттен өзү ырайым сурабай турганын айткан.

"Алардын маалыматына караганда президент ырайым берүү маселесин карап чыгышы үчүн ЖАМК документтерди чогултушу керек экен. Кандай документтер керек экенин сураганымда алар иш жүзүндө айыпталуучу ырайым сурап өзү кайрылыш керектигин, ошондо гана президенттик аппаратка жөнөтө алышарын айтып жатышат. Муну менен ЖАМК мыйзамга карабай, буга чейин калыптанып калган ишине таянып жатышат. Мыйзам боюнча депутаттардын кайрылууга укугу бар жана алардын кайрылуусу каралышы кажет", - деди жактоочу.

Ошондой эле айыпталган жаран ырайым сурап жеке өзү кайрылышы керектигин айткандар президентти атайын чаташтырууга аракет кылып жатышканын кошумчалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: