Көчөдө тамеки чегип, түкүрүнгөн милиция кызматкерлери боюнча текшерүү жүргүзүлдү. Алардын бирине айып салынуусу мүмкүн
Буга чейин милициянын үч кызматкери жол четиндеги дүкөндүн алдында туруп тамеки тартып, алардын бири жерге түкүрүнгөнү тартылган видео интернетке тараган. Бүгүн, 9-январда Чүй облустук милициясы жаңы тартипти бузган милиция кызматкерлеринин видеосу боюнча SUPER.KG'ге түшүндүрмө берди. Облустук милициянын басма сөз өкүлү Нургүл Нусупованын айтымында, алар тамекини Аламүдүн районунун аймагында уруксат берилген жерде чегип жатышкан. Бирок М.М. аттуу милиция кызматкери туура эмес жайга түкүргөнү аныкталганын белгиледи.
"8-январда Чүй ОИИББинин ички кызматтык иликтөө бөлүмү тарабынан атайын текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында М.М. 1-январда күчүнө кирген "Эреже бузуу жөнүндө" кодекстин 71-беренесин бузганы аныкталган. Тийиштүү айып пулду салуу үчүн чогултулган материалдар Аламүдүн районундагы Лебединовка айыл өкмөтүнө жиберилди", - деди Нусупова.
1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөн жеке жактарга 5 миң 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат. Ал эми тыюу салынган жайда тамеки тарткан жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом айып салынат.
кошулду
Тамеки тартып, түкүрүнгөн милиция кызматкерлери









1 |