super.kg logo

Талкууга түшкөн түкүрүк: Жаңы тартип тууралуу тартылган тамашалардын топтому

 

1-январда "Эреже бузуу жөнүндө" кодекс күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүргөндөргө, тыюу салынган жерлерде тамеки чеккендерге айып пул салынат. Мындан тышкары жол эрежелерин бузгандарга салынган айып пулдун көлөмү мурдагыдан жогорулаган. Мындай чечим коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып, каршы чыккандар менен аны колдогондордун ортосундагы талкуу токтой элек. Бул арада жаңы тартипти жактырбагандар тамаша-чыны аралаш түрдүү вайн тартып, интернет желесине таратууда. Кырнетти каптаган видеолор топтомун SUPER.KG окурмандарына сунуштайт.

Түкүргөн адамдарга 5500 сом айып салуу кызуу талкууланып жатканда, Ак Үйдүн астына барып атайын түкүргөн жигит интернетке видеосун жүктөдү. Анын бул жоругун айрымдар туура десе, арасында адепсиздик катары сыпаттагандар да болду. SUPER.KG порталы мындай кадамга барган Рамис Закирияевден эмне себептен Ак Үйдүн астына барып түкүргөнүн сурап, жооп алган. Ошентип Кырнетте түкүрүктөн да хайп жараткандар болду...

Ал эми куудул Борончу Кудайбергенов өзүнүн жеке баракчасына түкүрүктөн акча топтоонун жолун сунуштап, өкмөткө тамаша иретинде кайрылган видеосун жүктөгөн. Куудулдун бул "сунушу" "жаңы тартип чиновниктердин чөнтөгүн толтуруу үчүн кабыл алынды" дегендерге жагып, көптөгөн билдирүүлөрүн калтырышкан.

"Эл көп түкүрсө өлкөнүн Кытайга болгон карызынан кутулабыз"

Мындай тариздеги видеомонтаж жаңы тартип күчүнө кирери менен интернетти аралап жөнөдү. Видео ким тарабынан даярдалганы белгисиз болгону менен, "6 миллион эл 3 жолудан түкүрсө Кытайга болгон карыздан кутулабыз" деген логикасы - "кайра эле карапайым калктын капчыгын кагуу" деген өңүттөгү пикирлерди жаратты.

"Баланын ою оюнда, эненин ою түкүрүктө"

Жыл жаңырары менен тартиптин күчөшү төмөндөгү видеонун жаралышына себеп болду. Анда Кыргыз өлкөсүндөгү пенсиянын өлчөмү менен айып пулдардын суммасы салыштырылган.

"Тамашоучу", актёрлор Самат Эркинбеков менен Кубаныч Курманбековдун да түкүрүк жөнүндөгү тамашасы интернетке тарап, элди жылмаюуга аргасыз кылды.

"Жол эрежелерин бузгандарга карата айып пулдун өлчөмүн көбөйттү, аны ишке ашырууда коррупцияга жол берилет, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери "өз чөнтөгүнө" иштейт", - деген оюн билдиргендердин саны али суюла элек. Ушул тапта аны күлкүгө айландырган вайн чыкты.
Жаңы эрежени эрмек кылгандардан дагы бир видеомонтаж төмөндө.
Пенсиянын өлчөмү менен түкүрүү үчүн алынган айып пулдун көлөмүн салыштырган тамашалуу видео "Жылмайып коюңуз" рубрикасынын бул шилтемесинде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(2)
09.01.2019. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушун эшек араба, тукурдун калдын балээге
10.01.2019. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МУсор ыргытканга да штраф салгыла,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: