super.kg logo

"Ош базарынын" айланасында мыйзамсыз соода кылгандардын соода орундары алынды (фото)

 

Буга чейин Бишкектеги "Ош базардын" түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан "Фрунзе+" соода борборунун жетекчилиги менен анын жанындагы жайма базарда иштегендердин чырдашкан видеосу интернетке тараган.

Бүгүн, 9-январда Ленин райондук администрациясынын жетекчилери базарга барып, мыйзамсыз туруп соода кылгандардын соода орундарын алып салды. Буга соодагерлер каршы болуп, ортодо кайрадан түшүнбөстүк чыкты.

Акимдин орун басары Чынасыл Чыныбеков соодагерлерге кайрылып, мыйзамсыз соода кылганга болбой турганын түшүндүрүүгө аракет жасады. "Сиздер бул жерге мыйзамсыз туруп соода кылып жатасыздар. Ошондуктан мындан ары турбаңыздар. Базардын ичинен орун таап бер дегениңиздер менен, базардын ичинде да орундар жок. Башка жакка кетиш керек", - деди Чыныбеков.

Ал эми "Фрунзе+" соода борборунун администратору Миргүл Бообекова да алар мыйзамсыз соода кылганы аз келгенсип, таштандыларын таштап кетип жатканын айтты.

"Бул жер имаратка жакын жайгашкан муниципалдык жер. Ошондуктан турбашыңыздар керек. Ал үчүн биз айып пулдарды төлөп жатабыз. Бул жакты жыйнаш керек. Жок дегенде артыңарды жыйнап кетсеңер сиздерге эч ким эч нерсе демек эмес", - деди Бообекова.

Соодагерлердин бири Жумагүл Даткаева соода борбордун администрациясы буга чейин эки метр жер үчүн алардын ар биринен ай сайын 3 миң сомдон алып келгенин, эми кайра кууп жатканын жүйө келтирди.






"Ош базарында" мыйзамсыз соода кылгандардын соода орундары алынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: