super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Жол тайгакта абайлагыла! Ош-Ноокат жолунда унаа оодарылып кетти" дейт окурман

 

"Алыска чыккан айдоочулар, этияттабасаңар жолдун баары тайгак болуп жатат. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Аба ырайынын бузулушуна байланыштуу жолдор тайгак болгондуктан, ашууларда жүрүү коркунучтуураак болуп жатат. Ошондой эле туман да каптоодо. Бүгүн, 9-январда эртең менен Ош-Ноокат унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Анда унаа тайгаланып жолдон чыгып кетип, оодарылып калыптыр. Биз өтүп баратканда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери келип, жеринде иштеп жатышкан экен. Кырсыктан жабыркагандар жок дешти", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Ноокат-Ош жолунда авария катталды

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: