super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев абактан кат жазды

 

Учурда УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирүү таратты. Билдирүүсүндө укук коргоо органдары анын ак экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк беришпегенин билдирген.

"Мен тууралуу жарыяланып жаткан маалыматтар боюнча маалымат каражаттарына комментарий берүүнү туура деп эсептейм. Биринчиден, мени аэропорттон кармашкан жок, үйдөн кармашты. Экинчиден, мени кармаганда укук коргоо органдары менин байлыгымдын өлчөмү эмнеден улам көбөйгөндүгү тууралуу документтерди көрсөтүп, өзүмдүн укугумду коргоого мүмкүнчүлүк беришкен жок. Каалагандай кескиленген видео менин коомчулук алдында кадырымды кетирүүгө багытталган. Бардыгын түшүндүрүп бере алам. Бирок азыр далилдөөгө аракет кылуу актангандай болуп калат деп билем. Ошондуктан азырынча күтөм. Бардык түшүндүрмөлөр тергөөгө берилип жатат. УКМК тактап чыгып кечирим сурайт жана бошотот деген үмүт бар. Убагы келгенде көрөбүз", - деп жазылган катында.

Окуянын чоо-жайы:

Дүйшөнбек Зилалиевге карата "мыйзамсыз байыган" деген айып менен кылмыш иши козголуп, ал 7-декабрда кармалган. Ошол эле күнү сот аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. УКМК Зилалиевден декларациясына киргизилбеген 889 миң 900 доллар акча табылып, ал акча коммерциялык банктардын биринде 2018-жылдын сентябрына чейин сакталганын айтып чыккан.

УКМК тараткан видеодо банктагы ячейкалардын биринен Зилалиевдики делинип 889 миң 900 доллар алынып жаткандыгы көрсөтүлөт. Бул видео боюнча “Оптима банк” билдирүү жарыялаган. Аталган банк ал видео бир жыл мурун банктын кызматкерлери тарабынан тартылганын билдирген. Ячейканы ачууга кардардын ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы себеп болуп, акча жана аны ячейкадан чыгаруу учурунда тартылган видео ээсине өткөрүлүп берилгенин кошумчалаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: