СССРдин Жогорку Советинин акыркы төрагасы көз жумду



Анатолий Лукьянов менен Михаил Горбачёв.
СССРдин Жогорку Советинин акыркы төрагасы Анатолий Лукьянов көз жумду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ал 9-январь күнү 89 жашында дүйнөдөн кайткан. Маркум Москва шаарында жерге берилет.
Лукьянов 1976-1977-жылдарда жазылган СССРдин Конституциясынын долбоорунун авторлорунун бири. Михаил Горбачёвдон кийин 1990-жылдын мартынан 1991-жылдын сентябрына чейин СССРдин Жогорку Советинин төрагасы болуп турган. 1993-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты болуп шайланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.