"Айыл чарбаны каржылоо-6" долбоорунун алкагында 11 миң 332 ата мекендик товар өндүрүүчүгө жеңилдетилген насыя берилген
"Айыл чарбаны каржылоо-6" долбоорун ишке ашыруунун алкагында 11 миң 332 ата мекендик товар өндүрүүчүгө 5,6 миллиард сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыя берилген. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттардын ичинен өсүмдүк өстүрүүчүлүккө 1 миллиард 324,76 миллион сом, мал чарбачылыкка – 2 миллиард 867,7 миллион сом, кайра иштетүүгө жана айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө – 1 миллиард 433,9 миллион сом жумшалган.
Бул долбоорду ишке ашырууга 11 коммерциялык банктын ортосунда келишим түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.