super.kg logo

Дональд Трамп: "Демократтардын лидерлери менен жолугушууда убактым текке кетти"

 
АКШнын президенти Дональд Трамп Мексика менен чек арага дубал тургузуу иштеринин алгачкы баскычына 5,7 миллиард доллар сураган. Анын алкагында Трамп 9-январда демократтардын лидерлери Нэнси Пелоси жана Чак Шумер менен жолукканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Трамп Ненси Пелоси жана Чак Шумер менен жолугушуусу эч кандай жыйынтык берген жок деген пикирин билдирген.
"Жаңы эле Чак менен Ненсиге жолугуп чыктым. Алар менен сүйлөшүүдөн эч кандай жыйынтык чыккан жок. Жөн гана убактым текке кетти", - деди Трамп.

Анын айтымында, дубал мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө жардам берет.

Шайлоо учурунда Трамп дубалды курууга кетүүчү каражатты Мексика төлөй турганын убадалаган. Долбоордун жалпы суммасы 20 миллиард доллардан ашуусу мүмкүн.

Трамптын Мексика менен чек арада дубал курулушун каржылоо боюнча мыйзам долбоорун өкүлдөр палатасы колдоп берген, бирок сенаттагы демократтар каршы болууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: