"Ош базарындагы" тротуарда соода кылгандар: "Соода орундарыбызды жаап, бизди кыйнап жатышат"

"Ош базарынын" аймагында баш аламан сооданы иретке келтирүү иштери бүгүн, 10-январда дагы улантылууда. Ленин райондук администрациясынын жетекчилери кечээ, 9-январда аталган жайга барып, Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде соода кылгандарга базардын ичине кирүүсүн талап кылып, соода орундарын алып салган. Бирок жашылча, мөмө-жемиш саткан соодагерлер базардын ичинде орундун тардыгынан соода кылууга мүмкүн эместигин айтышууда.
Алардын бири Гүлзат Майлубаева буга чейин тротуардагы соода орундары үчүн акча бербей келишкенин, эми аны төлөөгө макул экендигин айтты.
"Буга чейин соода кылган орундарыбыз үчүн таптакыр акча берген эмеспиз. Бирок тазалыкты сакташ үчүн айына 600 сом, кароолчуга 600 сом акы төлөп келгенбиз. Эми базардын ичине киргиле деп кыйнап жатышат. Базар ичиндеги соода орундарга берилчү ижара акыны төлөп берели, бирок тротуарда эле соода кылалы деп жатабыз. Анткени буга чейин ал жакка кирип соода кылып көргөнбүз. Бир соода орунду эки кишиге берип койгондуктан эч нерсе батыра албайсың. Үч күн отуруп 100 сомго соода кылдык. Бизди кыйнап жатышат", - деди Майлубаева.
Айрым соодагерлер базардан тапкан акча үй-бүлөнүн жалгыз киреше булагы болгондуктан эми насыяны, турак жайларынын ижара акыларын кантип төлөйбүз деп бушайман болушууда.
Ленин райондук администрациясы базарды иретке келтирүү үчүн мыйзамсыз соода орундарын жабуу толугу менен бүтмөйүнчө иш улана бере турганын билдирди.
Жыл башынан бери аталган базарда төрт ирет өрт кырсыгы катталып, бир канча соодагер ири чыгымга дуушар болгон. Мындан улам алар базардын сыртына чыгып соода кылууга аргасыз болушкан.
кошулду
"Ош базарындагы" тротуарда соода кылгандар
"Ош базарында" мыйзамсыз соода кылгандардын соода орундары алынды












1 |