super.kg logo

УКМК: "Сапар Исаковго Тарых музейи боюнча да айып тагылды"

 

"Сапар Исаковго Тарых музейи боюнча да айып тагылды". Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен таратышты.

Маалыматка караганда, УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Исаковго 303-берененин 2-бөлүмү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2016-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү Түркия Республикасынын премьер-министринин аппараты алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түркия башкармалыгы (ТИКА) менен мамлекеттик Тарых музейин толук реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлганы аныкталды. Келишим боюнча Түркия 3 жылдын ичинде 15 миллион доллар эсебинде гранттык каражат бөлүп бермек.

Бирок музейди реконструкциялоодо президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жумушту 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтсүн деген негизсиз талаптарынан улам Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан. Жыйынтыгында музейди реконструкциялоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 520 миллион 309 миң сом өлчөмүндө кошумча каражат сарпталган.

Белгилей кетсек, аталган сумманын 4 миллион доллары музейдин тегерек четин, фасаддык бөлүгүн оңдоого, көрктөндүрүүгө сарпталган.

2017-жылы Сапар Исаков жеке адамдар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп, өлкө мыйзамдарын бузуп, өлкө кызыкчылыктарына каршы мамлекеттик сатып алуунун процедурасын өткөрбөстөн, музейге жаңы экспозиция жасатууга германиялык компанияны катыштырган.

Натыйжада белгиленген компания Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекиткен музейдин концепциясына туура келбеген экспонаттарды жана жабдыктарды, атап айтканда, кафетерийге кымбат баадагы жабдуулар, эки ак аттын макетин, 59 дарактан турган инсталляцияга жана анын жыгач койгучтарына жалпысынан 55 миллион 593 миң 772 сом жумшалган.

Немис компаниясы тарабынан алып келинген керектелүүчү материалдардын (клей, кагаз скотч, силикон түтүкчөсү, кол каптар, балка, бургу, таштанды кабы ж.б.) баасы Кыргыз мамлекетинин ички базардагы баасынан айырмасы 3 миллион 785 миң 600 сомду түзгөн.

Мындан тышкары, немис компаниясы менен улуттук валютада эмес, евро курсу менен түзүлгөн мыйзамсыз келишимдин айырмасы 42 миллион 311 миң 428 сомду түзгөн.

Ошентип Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын жасаган кылмыш иштери мамлекетке 101 миллион 690 миң 800 сом өлчөмүндө зыян келтирилген", - деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Буга чейин Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБи боюнча да айып тагылган, анда коюлган берене боюнча 20 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(18)
10.01.2019. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жооп берсин эми! Өзү Тарых музейине куратор болгонун айтым сыймактанган. Жыгачтан жасалган эшеке окшогон аттарды тирүү, көк бөрүгө катышып жүргөн күлүк аттардан кымбат сатып алганы эле чоң коррупция болгонун далилдеп турат. Тарыхтан уурдагандарды ата-бабалардын каргышы да урат!
10.01.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музейдин алдына Сапардын эстелигин тургузуу керек, мега ууру деп
10.01.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы улбай эле бул долбоор менен сыймыктанат дегеничи
10.01.2019. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сапар мырза жаңыдан өкмөт башына келгенде «мамлекеттик чиновниктердин санын кыскартам» деп да бир опурулуп алган эле. Анан Раимди мыйзамсыз иштен алып койду. Ойлогон оюнан чыккан жок. Кийин музей, ЖЭБди оңдомуш болуп миллиондогон акчаларды жеп салды. Ушундай жегичтерден өнүгө албай жатабыз.
10.01.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
"Бозуган кыз, Энесинин бетин тытат" болду Сапар. Элди уурдаган мурунку Акаев 2005, Бакиев 2010 жылдардан бери Кыргызстанда жок. Анда кайсы уурулар ЭЛди уурдашты? Кылмыш ишти козгоо чектен чыгуу болсо айтып берсин кимдер уурдаган, кимдердин указы менен??? Озу окмотту башкарып, ошол долбоорлордун аткаруусун козомолдогон.
10.01.2019. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз качан эле онугуп кетмек экенбиз,канчалаган жегичтер келип каныбызды соруптур
10.01.2019. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул иштердин башында Атамбаев турат да. Аны буйругу жок жей албайтко. Экөө болушконда мултимилионер болушуп
10.01.2019. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камалгандардын корруппциялык иштерин далилдеп байлыгын мамлекетке кайтара албагандан кийин 30 жылга камаса дагы элге эмне пайда карыздан кутулбайбыз го.
10.01.2019. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ана АШАнын өстүргөн баласы эмне гана кылган АША айтпады беле мен өстүргөн бала премер министр болду деп тарыхта калчу премер болбой тарыхты жеген премер болдуго
10.01.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын убагында Улан Эгизбаев рааматылык ачыкка чыгарып койгон,элдин баары билет,ким эмне кылганын.УКМК жон эле тактап окум чыгара турган эле болуп калган эле озу.Дагы кылган ишине мактанып актанып койгонуна кулосун бул жегичтин.Атамбаев атасы да катыштыгы бар бул ишке.Экоону кээми 20 жылдан камаса да эл ыраазы болот!
10.01.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Байкуш баланы жөн эле камады далили жок дегендер кайда кеттинер? Музейден эле 1.5 миллион $ жептир ТЭЦ ти айтпай эле койолу... музей ачылса 120 миң сомдук отургучка барып отуруп көрөлү биз дагы
10.01.2019. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо чон куноокор Момбейге кетти, ошону кармаш керек эле ошол башчысы.
10.01.2019. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Жөн эле асмандан алган далилдер ((Сапар Исаков акталыш керек
11.01.2019. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aydinnur,Ошонун шестеркасы катары сени да камаш керек
11.01.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aydinnur,ЛИГЛАС унутулдубу ?
Афера века .
13.01.2019. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aydinnur,бешикдеги балада билет мен музейди ачып тарыхта калам дегенин! Сага окшогон пахта койгондордун айынан онуго албай жатабыз кошоматчы болбой бир жактама бол!!!
11.01.2019. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камалганы кызыктырбайт , жегенин кустурбайбы ошондо ?
13.01.2019. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны айтып буну айтпай бул таз жору кузгундарды кустуруп тез элдин ырыскызынан байыган байлыктарын элге бербесенер да кытайдын карызына бергиле! Оздорун бизге десе эшек араба салып кытайларга жонотуп жибергиле аларды ачыкта бакканыбыз аз келгенсип эми турмодо да багышыбыз керекпи!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: