28 жаран бюджеттин эсебинен гемодиализ алуудан баш тартты

Ош шаарында бөйрөк оорусу менен ооруган 28 жаран бюджеттин эсебинен гемодиализ алуудан баш тартты. Бул тууралуу Бишкекке келген бейтаптардын жакындары SUPER.KG'ге бүгүн, 10-январда билдиришти.
Бейтаптардын жакындары гемодиализ боюнча дарылоону жүргүзүү мүмкүнчүлүгү БЭМАН деп аталган жеке менчик дарылоо борборуна берилгендиктен алар баш тартып жатканын айтышкан. Тактап айтканда, 2018-жылдын ноябрь айында гемодиализ боюнча дарылоону жүргүзүү үчүн тендер жарыяланып, ага БЭМАН жана ЮРФА менчик дарылоо борборлору катышкан. ЮРФА ар бир гемодиализ үчүн 5850 сом сунуштаса, БЭМАН 5200 сом сунуштап, тендерди утуп алган. Бирок тендерден уткан борбордун шарты жакшы болбогондуктан бейтаптар тендерди жокко чыгаруу талабын коюшкан.
Мындан улам Ош облусунан 8-январда келген 10дон ашык жаран тендерди жокко чыгаруу талабы менен дале Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына чыгышууда. Айтымдарында, 42 адам бир канча убакыт ЮРФА менчик дарылоо борборунда өз каражатына дарыланып келип, дарылоо бюджеттин эсебинен каржыланып баштаганда БЭМАН борборуна өтүүнү каалабай жатышат.
Араван районунун тургуну Маматаир Осмоновдун кызы 2015-жылдан бери ЮРФАдан гемодиализ алып келген. Бирок каражаттын жоктугуна байланыштуу бюджеттин эсебинен дарыланууга аргасыз макул болуп, учурда БЭМАН борборуна өткөрүлүп, дарыланып жатканын айтты.
"Менин кызым 2015-жылдан бери гемодиализ алып келет. 2016-жылдын апрель айында бюджеттин эсебинен ЮРФАда дарыланып баштаган. Жаңы жыл алдында дарыланууну мындан ары БЭМАНдан уланта турганыбызды айтышканынан каршы болуп, Бишкекке келдик. Себеби кызым мурун БЭМАН борборунда дарыланган. Ошол учурда эки жолу Түркияга бөйрөгүн алмаштырууга барганбыз. Тилекке каршы, натыйжа болбой, денелери кызарып, кычышып жаткандыктан дарыгерлер кайра жиберип салышкан. Кийин ЮРФАга которулдук. Ал жактан жакшы болуп калган болчу. Азыр эми кайра БЭМАНга алып барып коюшту эле, кызым кайра телефон чалып мурдагы оорулары кайрадан күчөп жатканын айтып жатат. Ошондуктан кайра эле мурдагы ордубузда дарыланууну улантсак. Өз каражатыма дарылатайын десем акчам жок", - деди Осмонов.
Ошто гемодиализ алып жаткандардын жакындары нааразы болуп Бишкекке келишти



1 |