super.kg logo

Милиция бөлүмүндө каза болгон Бурулайдын атасы: "Ала качкан баланын ошол күнү 34 миң сому жоголуптур"

 

Бүгүн, 10-январда Аламүдүн райондук сотунда Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган соттук отурум өтүп жатат.

Учурда Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткер тергөөчүсү И.Иманалиев сурак берип жатат. Жабырлануучу тараптын жактоочусу "окуя болгон күндөгү видеокөзөмөлгө жазылган тасмалар эмнеге жоголуп кетти?" деген суроосуна ал билбей тургандыгын белгиледи.

"Ошол күндөгү тасмалар эмнеге жоголуп кеткендигин билбейм. Тасма сакталып калганда мен үчүн дагы жакшы болмок. Тасманын сакталышына жетекчилик жоопкерчилик алсын. Анткени видеокөзөмөл биз отурган жерге коюлганы менен, жазылган тасмалар жетекчиликтин иш бөлмөсүндө сакталат", - деди Иманалиев.

Ал эми Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев тасмалар атайын жок кылынган деген күмөнү бар экенин айтты. "Менин оюмча, тасмалар атайын жок кылынган. Ала качкан баланын 34 миң сому жоголуптур. Окуя 10-15 мүнөттө эмес, жок дегенде жарым саат ичинде болгон деп ойлойм. Мына ушундай жагдайларды жашыруу аракети болушу мүмкүн", - деди Кожоналиев.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Бул боюнча иш Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралып, сот Марс Бөдөшовду 20 жылга, ала качууга айыпталган Акмат Сейитовду 7 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
10.01.2019. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бурулайдын атасы дагы кызык киши экен, эми түштөн кийин не деп сүйлөп атат. Уже эки жигиттин күнөөсү аныкталбай эле бири 7, бири 20 жылга камалып кетти го.
10.01.2019. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Lukman-Hakim,эмиии бул жарыктык киши милициялардан акча ондуруштун амалын кылып жаткандыр да.Эки жаш жигитти сыздатып отургузду.Оз кызын дагы озу жутту(акчалууга эрге берем деп)
10.01.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушул ишти сот каякты карап окум чыгарганын билбейм тоону айтып айып коюп жатышса бул соттор болсо бээни айтып куноолоп эркинен ажыратты капшымын сотторго. Сотторда адамбы ХХХХ десе
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-10 16:42:30
10.01.2019. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бир милицияны кунолоп, бир Марсты кунолоп ушу атасыныкы отту да. Же милициалардан акча ондуруунун жолубу!?
10.01.2019. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Турдали Кожоналиев жабырлануучубу же адвокатпы? Тажаттын го!!! 34 мин акчасы бар,милициялар куноолуу деп айткын келсе,балдарды эмне каматтын?
11.01.2019. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш баланы да каматып дагы канча акча берсин деп аттылеби, эми ал акча тугонуп бул милицияларды да сындырайын деп атканго э.
11.01.2019. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына эми анык болбодубу?! Баланы текшергенде акчасын корот азыр 5,6мин сом учунделе олтуруп акчасын алып коюшуп жататко?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: