super.kg logo

Үч жылдан бери гемодиализ алып келген жарандын жубайы: "4 миллион сом короттук. Бизди жайыбызга койгулачы"

 

Ошто гемодиализ алып жаткан 42 бейтаптын жакындары өз талаптары менен 8-январда Бишкекке келишкен.
Алардын бири Назир Мамадиарова жолдошу Рахмедин Мамадиаровдун гемодиализ алып жатканына үч жыл убакыт болгон. Бул аралыкта үй-бүлө дарыланууга жалпы 4 миллион сом коротушкан. Мындан улам Мамадиарова жолдошу жакшы болуп кетиши үчүн БЭМАН борборуна өтүүнү каалабай турганын айтты.

"Бюджеттен дарылануу үчүн үч жыл күттүк. Баарын коротуп, үйдө эч нерсебиз калган жок. Гемодиализди өкмөттүн эсебинен ала баштаганыбызга бир ай болуп, аябай сүйүнүп жатканбыз. Эми минтип өкмөт дарыланууну улантууну тендер аркылуу БЭМАН дарылоо борборуна өткөрүп берип койду. Жолдошумдун абалы өтө начар болуп турганда ЮРФА дарылоо борборуна алып барып, ден соолугу жакшырып калган болчу. Биз менен сүйлөшүп, неберелерин эркелетип калган. БЭМАНда шарт жакшы болбогондуктан кайра ЮРФАга баруу үчүн акча таппай, тендерди жокко чыгаруу өтүнүчү менен министрликке келип отурабыз. Ошондуктан, урматтуу президент, депутаттар, бизди дагы угуп, бизди жайыбызга койгулачы. Мындай күндү эч кимдин башына салбасын. Мен мындан ары ар бир гемодиализ үчүн 5450 сом таба албайм, мүмкүнчүлүк калбады. Үч жыл ичинде жолдошумдун ден соолугуна 4 миллион сом короттум. Ошондуктан бизди ЮРФАда калтырып, оорулуулардын жок дегенде бир жыл жашашына мүмкүнчүлүк бергиле", - деп өтүндү Мамадиарова.

2018-жылдын ноябрь айында гемодиализ боюнча дарылоону жүргүзүү үчүн тендер жарыяланып, ага Ош шаарындагы БЭМАН жана ЮРФА менчик дарылоо борборлору катышкан. ЮРФА ар бир гемодиализ үчүн 5850 сом сунуштаса, БЭМАН 5200 сом сунуштап, тендерди утуп алган. Бирок тендерден уткан борбордун шарты жакшы болбогондуктан бейтаптар тендерди жокко чыгаруу талабын коюшкан.

Ал эми БЭМАН дарылоо борбору алардын дарегине карата айтылып жаткан сөздөргө макул эмес. Борбордун каржы директору Артык Ажиматовдун айтымында, шарт талапка жооп бергендиктен учурда ЮРФАдан которулуп жаткан адамдардан сырткары борбордон 70-80 киши гемодиализ алып келет.

"Эки жылдан бери тендерге катышып келебиз. Буга чейин баалар туура келбей ута албай жүрдүк. Заман талабына жараша бул ирет бааны төмөндөтүп, тендерди утуп алдык. Анын жыйынтыгына жараша бюджеттик негизде 42 адам бизге өтүшү керек эле, айрымдары баш тартып койгон. Азыр 30дай бейтапты дарылап жатабыз. Ага чейин деле 70-80 киши өз каражаты менен бизден гемодиализ алып келген. Шарт жакшы эмес болсо алар деле кетип калмак. Ошондуктан айтылып жаткан сөздөргө кошулбайбыз. Аппараттарыбыз Германиядан алынып келип, фильтрлерибиз таза. Талапка толугу менен жооп берет. Кечээ Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү Бишкекке барып арызданып жаткандардын талабы менен келип, бизди текшерип, баары жакшы экенин көрүп кетишти. Мүмкүн, бейтаптар ЮРФАга көнүп калгандыктан ал жактан кетпөө үчүн ушундай сөздөрдү айтып жатышкандыр", - деди Ажиматов.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова министрдин орун басары Мадамин Каратаев башында турган комиссия көйгөй бар деп айтылып жаткан борборду текшерип келгенин, анын жыйынтыгы менен баа бериле турганын айтты.


кошулду





Ноокат районунун тургуну: "Гемодиализге деп 3 жылда 4 миллион сом короттук"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
10.01.2019. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бизнесинерди башка жерден кыла бербейсинерби ооруп жаткан адамдарга тийишпей эле.
11.01.2019. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кечээ бул кишилерге жолугуп келдим. Оштогу Юрфа менен Бэмандын гемодиализ жабдыктарынын сапаты ат менен төөдөй дешти. Бэман кайсы бир депутаттыкы экен. Ошол үчүн тендерди утуптур. Бэманга эскирип списания
11.01.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болгон аппараттар келген дейт. Юрфа кымбат болгону менен канды 2 эсе жакшы тазалайт деп айтышты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: