super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппарат Текебаевге ырайым кылуудан баш тартты. Анын себебинин чоо-жайы эмнеде?

 

Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын экс-депутат Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүнө баш тартылды.

Президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев SUPER.KG порталына билдиргендей, алар бүгүн, 10-январда Роза Отунбаеванын өтүнүчүнө жооп беришти. "Өмүрбек Чиркешовичке ырайым кылуу боюнча материал топтолгон жок. Себеби Өмүрбек Текебаев ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч жазуудан баш тартты. Ошондуктан Роза Отунбаеванын өтүнүчүн кароо иштери токтотулду", - дейт ал.

Текебаев 22-декабрда президенттен ырайым сурап кайрылуу ниети жок экенин айткан.

Былтыр 25-декабрда Утурумдук Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчүн жиберген. Бул кайрылуу өтүнүчүн Жогорку Кеңештин 6 фракциясы тең колдогон.

Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып 8 жылга эркинен ажыратылган. Анын камалышына негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевскийдин өзү Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип, камакка алынган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: