super.kg logo
  Саясат  

Саясий серепчи Нурсултан Акылбек: "Мамлекетте тез-тезден кадрлар алмаша берсе, өкмөттүн келечеги кыска болот"

 

Былтыр 15-декабрда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кызматтан бошотулган. Буга министрдин орун басары 50 миң доллар пара менен кармалганы себеп болгон. Ошол убакыттан бери аталган кызматка эч ким дайындала элек. Транспорт жана жолдор министрин дайындоо кечигип жатат.

SUPER.KG порталынын "Өкмөттө кадрдык кризиспи?" деген соболуна саясий серепчи Нурсултан Акылбектин жооп берди. Анын айтымында, өкмөттөгү кадрдык кризис мурдатан эле байкалып келет.

"Көптөгөн министрлер мурдагы бийликте да, азыркы бийликте дагы иштеп жатышат. Алар эффективдүү иштерди жасап жаткандыктан азыркы убакка чейин кармалып турат дегенден алысмын. Кээ бир министрликтерде ал системге тиешеси жок адамдар дайындалып калууда. Азыркы бийликтин келгенине бир жыл өтсө дагы президент же өкмөт алдында туруктуу мамлекетти өзгөртө турган команда пайда боло электиги да кадр кризисинин анык белгиси.

Ал эми Транспорт министрлигине келсек, бул кызматка талапкерлер жетиштүү эле болсо керек. Буга себеп, узакка созулган дем алыш күндөрү же Жогорку Кеңеш жумушка кирише электигинен болушу мүмкүн. Ошондой эле мурдагы министрдин орун басары камалганы, министрдин жаңжал менен жумуштан кеткени жаңы талапкерлерди табууда кыйынчылык туудурат. Ачыгын айтканда, тез-тезден кадрлар алмаша берсе, өкмөттүн келечеги кыска болот. Балким, жакынкы айларда өкмөттүн түзүмү толугу менен өзгөрүшү мүмкүн", - деди Акылбек.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Ирина Карамушкина, Эмил Токтошев, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев, саясий серепчи Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: