super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган соттук отурум 28-январда уланат

 

Бүгүн, 10-январда Бишкектин Аламүдүн райондук сотунда Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин жоопкерчилигин караган соттук отурум өттү.

Отурумда Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев жана Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев сурак беришти.

Кийинки соттук отурум 28-январь күнү саат 14:00дө уланмай болду.

Бурулайдын өлүмү боюнча 5 милиция кызматкерине 316-шалаакылык беренеси боюнча иш козголгон. Алар Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн ага нөөмөткери И.Иманалиев, Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнүн имарат күзөт тобунун милиционери М.Макеев, Чүй ОИИББи боюнча Жол коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн 5-взводунун кенже тескөөчүлөрү З. Байтереков жана З.Айткожоев, Жайыл РИИБинин тергөөчүсү Э.Кадышевдер.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.

Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.

Бул боюнча иш Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралып, сот Марс Бөдөшовду 20 жылга, ала качууга айыпталган Акмат Сейитовду 7 жылга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.01.2019. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир талковый сот барбы Кыргызстанда, же жаллаң эле "жогору жактагылар" не десе ошону аткарган кулдарбы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: