super.kg logo
  Спорт  

Александр Крестинин: "Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде "Тоттенхэм" футболдук клубунун оюнчусу Сон Хын Миндин ойнобой турганы өкүндүрөт"

 

Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде "Тоттенхэм" футболдук клубунун оюнчусу Сон Хын Миндин ойнобой турганы өкүндүрөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Түштүк Корея менен оюндун алдындагы маалымат жыйынында айтты.

Жыйында Крестинин ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берди:

Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде курамыбыздын катарында алмашуулар орун алабы?

- Албетте, алмашуулар орун алат, анткени Түштүк Корея менен Кытай курамалары башкача деңгээлде ойношот. Ошондуктан курамда дагы, оюндун тактикасында дагы алмашуулар орун алат.

Кыргыз-Түштүк Корея беттешинде Түштүк Корея курамасынын жылдызы Сон-Хын Миндин ойнобой турганы белгилүү болду. Биздин курам үчүн бул жакшыбы же жаманбы?

- Албетте, биз Түштүк Корея курамасынын лидери Сон Хын Миндин деңгээлин билебиз. Ал курамда болгондо ар бир командага оор болот. Бирок Корея курамында андан башка тажрыйбалуу оюнчулар дагы бар. Хын Минди алмаштыра турган оюнчулар көп. Ал жок болгону менен биз үчүн оюн оңой болбойт. Бир четинен анын оюнга катышпаганы бизди өкүндүрөт. Мындай ири мелдештерде мыкты футболчуларга каршы ойногуң келет. Ушундай тажрыйбалуу командалар менен ойноп, биздин деңгээлибиз өсөт.

Дарбазачы Павел Матяш кийинки беттешке чыгабы?

- Албетте, дарбазачынын катачылыгы оюндун жыйынтыгына таасирин тийгизди. Бирок ар бир дарбазачы катачылык кетирет, мындай каталар мындан дагы ири мелдештерде кетет. Биз учурда оюнчуну сындабай, ага колдоо көрсөтүшүбүз керек.

Ошондой эле бул маалымат жыйынга катышкан улуттук кураманын коргоочусу Тамирлан Козубаев журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Кыргыз-Кытай беттешинен кийин ЖМКдагы жана социалдык тармактагы жаңылыктарды окуп жатасыңарбы?

- Жок. Биз эч жактан маалымат албай элебиз.

Азия Кубогунун алкагында биринчи беттеште жеңилип калдык. Учурда командадагы атмосфера жана оюнчулардын абалы кандай?

- Командадагы атмосфера жакшы. Дагы 2 оюн бар. Азырынча тайпалык баскычтан чыгууга мүмкүнчүлүк бар, бардыгы бизден көз каранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
10.01.2019. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Группадан чыгыш 70/30 % өтө өтө кыйын түштүк кореяны жеңиш кыйын.
10.01.2019. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Билбейм калдым, оздоруно оздору гол киргизип журсо кайда чыгат.
10.01.2019. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор жакшы ниет кылыт аларды колдоп дем берип турайлы. Алга ак шумкарлар ийгилик биз тарапта болсун.
10.01.2019. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
От греха подальше Матяшты чыгарбай эле койгулачы сураныч . кийинки ойундар Матяш бир нерсе доказать эте турган ойун эмес конгонундой дагы детский жанылса ким жооп берет ???байкуш Матяшты таш баранга алып салышыбыз мумкун )))
10.01.2019. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийшилик дейли. Буйруса утуп алгыла. Дарбазачынар алмашса болмок
11.01.2019. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кореядан женилсе да кобуроок гол киргизип учунчу орун менен да группадан чыгып кетсе болот.Главно Кореядан кийинки команданы жениш керек и Кытайлар ошол команданы утуш керек.
11.01.2019. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай буюрса биздин команда корейлерди женет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: