super.kg logo

Айдоочулар ассоциациясынын төрагасы: "Маршруттук таксилердеги жол киренин баасы 18 сом болушу керек эле"

 

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Альянс-Бус" ассоциациясынын төрагасы Григорий Николаидиге таянып, шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочулар ассоциациясынын төрагасынын айтымында, бүгүнкү күндөгү жол кире баасы 18 сом 60 тыйын болушу керек эле.

"Жол кире баасы 2012-жылдан бери өзгөргөн жок. Азыркы баа бекитилген учурда күйүүчү майдын баасы 30 сом эле. Бүгүнкү күндө күйүүчү май 45 сомго жетти. Бул факторду эске алганда, жол кире 18 сом 60 тыйынга жетиши керек эле. Бирок бул бааны шаардык мэрия бекитип бере албай тургандыгын түшүнүп турабыз. Биз жол киренин 12 сом болушуна да макулбуз. 15 сом болсо андан да жакшы болмок", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Николаиди жергиликтүү маалымат булактарында "айдоочулар нааразычылык акциясына чыгат" деген маалыматты четке каккан.

"Бул маалыматтарды кимдер таратып жаткандыгы мага белгисиз. Бизде эч кандай митинг уюштуруу тууралуу сөздөр болгон эмес. Албетте, бизде көйгөйлөр бар, бирок алардын баарын мыйзамдуу жол менен гана чечүүгө кызыкдарбыз", - деп билдирген Николаиди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(17)
11.01.2019. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бир жолу эле 58 сом кылбадынар
11.01.2019. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
60 тыйын деп кетет
11.01.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
ХХХХХ ХХХХХ ошентип аяш атанардын апасына барып айткыла тегеле карап кой 18 сом деп дагы иш таштайбыз деп коркутуп койсонор болмок экен
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-11 14:21:41
11.01.2019. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
15 сом нормально болмок
11.01.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Тешип кетпейт бекен 18сом?
11.01.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Baku88, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
11.01.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир убакта, 2005-2006 жылдары, бензин 48 сомго чыккан, ошол убакта жол кире 5 сом болчу. Демек жол кирени 5 сомго тушуруш керек экен да жогорудагы эсепке таянсак. Эмнеге бензин которулгон сайын жол кире кобойот да, арзандаса азайбайт?
11.01.2019. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бензиндин арзандашын талап кылсанар болбойбу, карапайым калк тушкон марш таксилердин жол киресин кымбаттатууну суранбай?.
11.01.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Lui,булардын ою жалаң эле баа көтөрүш керек деген болсо кайдан бензиндин баасын түшүрүш керек деген ой келет эле.
11.01.2019. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Lui,туура айтасыз андан коро бензинди арзандатсын
11.01.2019. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силер митинг, иш таштоо деген нерселерди эптей албайт экенсиңер, жайында көрдүккө иш таштап элди жок жерден кыйнап, аныңарда акырына чейин жетпей, жарымыңар жумушка ийип бергенсиңер, ошого силер жөн гана Мэрияга өткөрүп берип иштей бергиле, мэрия бүтүрүп берет).
11.01.2019. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жол кире Данияр Усонов 2008-жылы мэр болуп турганда 5 сомдон сегиз сомго которулгон. Ошондо Россия менен Кыргызстандын алакасы начарлап бензиндин баасы 48 сомго дизель 50 сомго, туштукто 54 сомго чейин которулуп кеткен эле. Май кымбаттады деп бааны которушкон. Кийин май 29 сом, 30 сомго тушкондо баа тушкон да жок
11.01.2019. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baribir bakiebtin 1 somuna barat ekenbizda.
12.01.2019. 05:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошон учун дагы маршруткалардын ордуна автобустарды алыш керек да.
12.01.2019. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
18сом дегенин баары отуруп барчудай гана салышын керек болот.
12.01.2019. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазында митинг болуп кетпеселе. Свет кымбат, жол кире кымбат, штрафтарга акча айлык жетпейт. Айлыкьар, пенсиялар аз. Товарлар кымбат. Бензин да кымбат.

Точно бир митинг болот окшойт.
13.01.2019. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э кагылайын. Ушулар аябай тайрандады да. Маршрутка тушсон батпайсын го чиркин. Моюнун кайрылып, дем жетпей, бир буттап турасын. Анысы аз келгенсип, унаалар эски тээ 1941-жылкы согуштан калган, аран калдырактап гана журот, терезисинде кеп жок, скотч же кленка. Айдоочу болсо ата мекендик согушту женип келгенсип орондогонуна не дейсин. Же бийликтегилер автобус, троллейбус менен камсыз кыла албаган байкуш болушту. Болгон автобус, троллейбустарын кечки саат 06:00 дон кийин таппайсын кыйраткансып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: