super.kg logo

Ошто 2 жаштагы наристе шымына сийип койгону үчүн жеңеси тарабынан сабалып каза болду

 

Кылмышка шектелип кармалган аялОш облустук балдар ооруканасына катуу сабалып келип түшкөн 2 жаштагы бала көз жумду. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта белгилүү болгондой, окуя кечээ, 10-январда орун алган.

"Ош облустук балдар ооруканасына 10-январь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында Ош шаарынын тургуну тарабынан кичинекей наристе "дене бою калчылдап токтобой жатат" деп жеткирилген. Аны баланын атасынын агасы алып келген. Дарыгерлер кароо жүргүзүшүп, баланын ооруканага келгенге чейин эле каза болуп калгандыгын аныкташкан. Наристенин ѳлүмү тууралуу маалыматты милиция кызматкерлерине дарыгерлер кабарлашкан. Ош ШИИБинин ыкчам-иликтѳѳ тобу баланын киши колдуу болгонун божомолдошуп, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшкөн.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесин сырттан кароо учурунда анын бети-башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жарааты бар экендиги аныкталган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кечээ, 10-январь күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристенин шымына сийип койгондугу үчүн кээде чымчып, буттарына уруп жүргѳндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктап, аялы тарбиялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп коюп жаткандыгын айткан", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалымат үчүн: Маркум наристенин атасы менен апасы ажырашып кетип, 2 бала атасынын колунда калган. Атасы Орусияга иштегени кетип, балдарын ѳткѳн жылдын 30-декабрында Базар-Коргондон Ошко келип, агасынын үйүнѳ карап туруу үчүн тапшырып кеткен. Учурда маркум наристенин бир тууганы чоң энесинин колунда багылууда. Ал эми шектүү аялдын өзүнүн 5 баласы бар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(27)
11.01.2019. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эхххх!
11.01.2019. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Менин угушума караганда ачыка чыккан ушул экинчи окуя болду. Сийип койгону үчүн жаш баланы уруп өлтүргөн.
11.01.2019. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
take.kg86,Чыкпаганы канча болду биз билбейбиз!
11.01.2019. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Бир идея келет оюма. Мигранттын балдары учун атайын уй ачса болчудай. 1жаштан 16-17 жашка чейинкилерге. Туугандарына таштайт айына 5000ден берет кобу. Алар кыйратып караганы карайт карабаганы кордойт же уруп согуп олтурот. Баарынын башын чогултуп жакшы тарбиялап, козомолдогон мекеме болсо. Бир канча киши иш менен камсыз болмок, миграция курмандыктары азаймак.
12.01.2019. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
dobrajelatel,ал жерде эле жарытып карайт дейсиңби өзүнүн туугандары ушу ишти кылып жаткандан кийин
11.01.2019. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сакта адамдар мынча жырткыч болуп баратабыз? Бей куноо наристенин жанын алды мыкаачы сени эне деп ким айтат,мерез журок. Омурун откончо арман кылып отосунго ушул кылганын учун. Озундун деле балдарын бар чыгар келечегине балта чаптын эртенки куну мыкаачы аялдын балдары деп ким да болсо айтат. Эл оозунда элек жок. Айткан менен айла жок кайра арта бактылуу кунун кайтпайт,узулгон жип уланбайт. Ачууну да чеги бар. Баардык пенделер сабырдуу жана бактылуу бололучу ыйманыбыз бекем болсун.
11.01.2019. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бул жуздун бири. Ачыкка чыкпай канчасы көмүскөдө калды. Канчасы карала торала болуп ысыкта күйүп, суукта үшүп, жан дүйнөсү мээримге, карды тамакка тойбой жүрөт. Канчасы кагуу- силкуу жеп, көгала койдой таяк жеп ата-энесинин келишин күтүп сагынычтан саргайып жол карап жүрөт.
Бирөө баласын таштадыбы - ал Аллахтын алдында, пенде алдында аманат. Аманатка кыянат кылбагылачы. Чырылдатып чымындай жанын оорутпагылачы. Окусам көзүмө жаш келет ушундай окуяларды.
11.01.2019. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Оронбой калгыр,мыкаачы!
11.01.2019. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эки бутту айбан! Башы оронгону менен арты ачык деген ушуга окшогон катындар ушулардан этият болуш керек!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-01-11 18:05:14
11.01.2019. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туугундарга тапшыргандын ордуна суйлошуп акча берип дет домго калтыруу жакшы окшойт.
11.01.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
озу сийбей чонойгон окшойт бул эшек,озун олтурбой,сийги чейин сабасанго жанын оорутуп
11.01.2019. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин да балам бар эстеп жүрөгүм канап кетти, аттиң дүйнө, кор дүйнө, наристеде эмне күнөө, эх жаным жаным, алтын наристем кечир, эки буттуу айбанды кечир, жаш бала сийетда, бага албаса эмнеге алып калат, Эне сөрөйү кайда жүрөт, ажырашкандын кесепети, сага бир катын, катынга бир эркек ортодо балага эле кыйын аттиң, өх жүрөгүм ооруп көз жашым көл болду, наристелерибизди кор кылсак, бактылуу балалык бере албасак, бул дүйнөнүн бизге, деги эле жашап эмне кереги бар, балдарыбыз үчүн жашап жүрөбүзго
11.01.2019. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмнеле таштайсынар балдарды айтып,жазып эле атышат сабап койду,каза болду деп бир аз чонойгуча кое тургулачы уй жайынарды
11.01.2019. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тообо кылдым, байкуш наристе(((((
11.01.2019. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колун менен кылдын, эми башын менен жооп бересин ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-11 21:15:15
11.01.2019. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турушу менен акмак гатын экен го.Атаңгөрү ушул келинди бир күн мага берсе таң атканча өзүн сийдирмек экем.
11.01.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сийип койсо жууп кой, колун сынып , калбайт.2 жашар баланы чымчып когорткудой ал али акылына кире элек наристе го.Намаз окуган неме экен бар жокту "харам" кылдын деп олду да жаны чыгып.Бир наристени олтуруп "адал"иш кылдын.Мээсинен айныган катын...
11.01.2019. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журогум ооруп кетти
Бироого кор бироого зар
11.01.2019. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо Жараткан эмне деген заман болду!!! Ар бир ушундай окуяны окуган сайын жүрөгүм канап сыздайт. Каякка баратат кыргыздар деги. Кайран гана кичинекей наристелер кор болду го жалаң акчанын айынан жумуш издеп кеткен ата энелер үчүн. Чоңдорубуз болсо эчтеке саанасында жок ичип жеп жатышат. Карапайым эл туш тарапта тентип кырылып, балдары биякта кырылып, ушинтип отуруп жок болуп кетерибизге жакын калды окшойт. Чачылганды жыйнап үзүлгөндү улаган Манас эле кайра жаралып калбаса келечекти элестетиш кыйы
11.01.2019. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бала өз ырыскысы менен төрөлөт деп эле ой келди төрөй бербегилечи, бактылуу балалык тартуулай албайсыңбы, төрөбө. Төрөп алып анан ар кимге күнкор кылып таштап, уруп соктуруп. Бирөөнүн баласын бирөөле алпештеп бакпайт. Өз ата-энесиндей болбойт
11.01.2019. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээххх!ушундайларды уксам Балдарыма кетип калгым келет
12.01.2019. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олгучо дагы сабайбы шал болгур. Бейкуноо наристенин канчалык кыйналып олгонун карагылачы.
12.01.2019. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой мынча мыкаачы болуп баратабыз адамзат
12.01.2019. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Козумдун жашы куюлуп кетти. Байкуш бобок, кетип колун барда чапканга айбан? Озундун деле балдарын бар экен го.
12.01.2019. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы бир окуя катталыптыр Тоңдо күйөсү аялы урушуп күйөсү аялынын колундагы 4айлык кызын жыгач мн чаап жибериптир.наристе чарчап калыптыр.
12.01.2019. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбектер окшойт
16.01.2019. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы жарык дүйнөгө алып келген соң ата да, эне да карап, багып чоңойтууга милдеттүү. Энеси кайда болду экен бул наристенин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: