super.kg logo

Ошто кайнисинин баласын шымына сийип койгону үчүн сабап өлтүрүп койгон келиндин үй-бүлөсү начар шартта жашаган. Анын жолдошу окуядан кийин 6 баланы үйгө таштап кетип калган

 

Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып, өлүү жеткирилген 2 жаштагы наристенин өлүмү жана шектүүнүн турмуш-тиричилиги боюнча жаңы маалыматтар аныкталды.

Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты. Анда белгилүү болгондой, 2 жаштагы наристе тарбияланган үй-бүлөнүн турмуш шарты начар болгон.

"Кылмышка шектелип кармалган 30 жаштагы келин Ош шаарында алма сатып тиричилик кылган. Ал эми анын жолдошу базарда араба түртүп иштеген. Үй-бүлөнүн 5 баласы бар. Аларга кошуп маркум наристени 5 жаштагы бир тууганы менен кошо 7 баланы багып келишкен. Каза болгон баланын ата-энеси ажырашып кетип, аларды атасы алып калган. Өзү Орусияга иштегени кетерде агасы менен жеңесине 2 баласын таштап кеткен. Ал 1991-жылкы болсо, аялы 1993-жылы төрөлгөн.

Социалдык коргоо кызматкерлери кылмышка шектүүнүн үйүнө барышканда анын жолдошу Жалал-Абадга кетип калганы белгилүү болгон. Ал эми каза болгон наристенин 5 жаштагы бир тууганы жана кылмышка шектүүнүн балдары үйүндө жалгыз калышканда аларга үй-бүлөнүн улуусу, 12 жаштагы кыз баш-көз болуп калган. Учурда балдарды мамлекет өз карамагына алуу иштери боюнча социалдык кызматкерлер иш алып барууда", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүнүн баш коргоо чарасы эртең, 12-январда каралат.

Окуя тууралуу айта кетсек, 10-январь күнү Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып 2 жаштагы наристе келип түшкөн. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Шектүү катары кармалган 30 жаштагы келин аны шымына сийип койгону үчүн тарбиялоо иретинде уруп койгонун айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(12)
11.01.2019. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Энелер ажырашпагыла. Кетсенер балананрды кошо ала кеткиле!!!Энелуу жетим эрке жетим,Аталуу жетим арсыз жетим деген ушу. Чымчыктын уясы бузулбасын дейт элем.
11.01.2019. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Адам өлтүрүү беренеси менен эле соттобойбу, дене оор залака келтирүү эмей элечи. Балдарын таштап кетип калган эркек сөрөй адам эмей эле айбанго, наристелерде эмне айып?
AIA-TOO түзөттү 2019-01-11 23:38:42
11.01.2019. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаштар,Кудай берди деп эле торой бербей баланын келечегин ойлоп,пландаштырып торогуло дейт элем.Жапжаш келин базарда алма сатып иштеп,куйоосу араба суйроп анчалык жокчулукка пландаштырбай торогонунор да себеп.Эхх!Кандай окунучтуу!Байкуш наристе канча кордук корду экен,алсыз периште((((
12.01.2019. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Skarlett-Skarlett, жүрөгүм ооруйт. Чырылдап ыйлап өлгөнүн да билбей калды.
11.01.2019. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bala degen siet da,ozunun balasy syibeit beken.Kudai sakasyn uwundai kabarlar kop chygyp jatat go negedir.
12.01.2019. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик мыйзамды озуно бурбай ушундайларга чараны катуулатуу керек
12.01.2019. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Умышленное эле убийство эле! Этиятсыздыктан, кокустуктан деп аны да... Өлүп калгыча кантип сабайт 2! жашар гана баланы????? Аял киши??? Мен эч качан түшүнө албайм андай адамдарды... Уффффф...
12.01.2019. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланарды таштабагылачы...эээ Аллахым озун коргооно алчы кичинекей периштелерди(
12.01.2019. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин 2 жаш 2 ай болуп калган балам сийип коет, өзү билет айтыш керек экенин, айтат. Бирок кээде оюнга алаксып кеткенде унутуп коет айтышты, анан басалбай бир орунда туруп калса уруш оюңа да келбейт, мойтоюп көздөрүн бакырайтыып күнөөсүн сезип унчукпай турса бооруң ооруп кетет. Жатыркап калбасын деп өзүң кайра күлүп көңүлүн көтөрүп коёсуң. Оюнкараак жөжөлөр жаңы эле сийип койгонун унутуп ойноп кетишет да 1 сааттан кийин эле ошол көрүнүш. Бул нерсе да өтүп кетет, чыдаш керек
12.01.2019. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Төрт кыргыз жолдон, көлдөн, колдон, талаадан (чет жерде) кырылып бүтмөй болду.
12.01.2019. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
6 баланы таштап баса берген ата сооройду аталык милдеттен ажыраткыла , балдарын жетимканага жибериш керек , башка кандай айла бар , адамдарда журок жок болуп калыптыр , мереес таш боор болушуп, ушунча бала торобой эле койгулачы быжыратып бага албагандан кийин, наристенин убал сообун ойлобогон акмактар энеси да атасы да, башка айтар соз жок
12.01.2019. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сийип койгону үчүн тууганы тарабынан сабалып өлтүрүлгөн балдар көп болуп атат го. Бириники бирине сабак болбой атабы. Өткөндө бирөөсүн апасынын таанышы, бирөөсүн апасынын эжеси уруп өлтүрүп албады беле. Алар бири 1жаш 8 ай, бири 2 жашар болчу. Баланы анчалык кичине маалында таштабагылачы же өтөө ишеничтүү адамга таштагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: