Кыргыз-Түштүк Корея курама командаларынын беттешинен фоторепортаж































11-январда Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Корея курамасы менен кездешти.
"Хазза бин Зайед" стадионунда орун алган беттеште, тилекке каршы, кыргыз футболчулары жеңилүү ызасын таптып калышты. Анда кореялык футболчулар 42-мүнөттө эсеп санын 0:1 кылган. Оюнда Кыргыз жана Корея курама командасында тең эсепти өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар болгон, бирок командалар аны ишке ашыра алган жок.
Муну менен "С" тайпасында 2-турдун жыйынтыгында командалар төмөнкү орундарды алышты:
- 1-орун: Кытай курамасы - 6 упай. Киргизген голдору - 5;
- 2-орун: Түштүк Корея курамасы - 6 упай. Киргизген голдору - 2;
- 3-орун: Кыргыз курамасы - 0 упай. киргизген голу - 1;
- 4-орун: Филиппин курмасы - 0 упай. Гол киргизген эмес.
Белгилүү болгондой, Азия Кубогунун жарым чейрек финалына тайпалык баскычта 1-2-орундарды ээлеген командалар жана 3-орунду ээлеген 4 команда өтө алат. Эми Кыргыз улуттук курама командасы 3-турда Филиппин курама командасын ири эсепте жеңип алса кийинки баскычка өтүп кетиши мүмкүн.
кошулду

Учун катышкан жок