super.kg logo

Америкада кыштын күнү жылаңаяк, жалаякчан көчөдө кетип бараткан 2 жашар кыз куткарылды

 

Американын Висконсин штатында кыштын ызгаарында жол боюнда жылаңаяк, жалаякчан кетип бараткан 2 жашар кыз куткарылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, окуя Милуоки шаарында орун алган. Анда шаардын ичинде каттаган автобустардын бирин айдаган аял жүргүнчүлөрдү ташып баратып жол боюнда жылаңаяк кетип бараткан кызды көргөн. Болжол менен 2-3 жаштагы наристенин үстүндө жайкы футболка гана бар болгон. Аны байкаган айдоочу аял автобусту дароо токтотуп, жолдун аркы бетине чуркап өтүп, кызды автобуска көтөрүп келген.

Наристе катуу үшүп калган, жүргүнчүлөрдүн бири кызды орогонго өз күрмөсүн чечип берген. Андан кийин айдоочу аял бул тууралуу полицияга кабар берип, кызды бооруна кысып, күрмөгө ороп жылытууга киришкен. Кичине жылынган наристе полиция кызматкерлери келгиче бир уктап ойгонгон. Кийин кыз полиция кызматкерлерине өткөрүп берилип, айдоочу өз ишин уланткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.01.2019. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматтар ушундай инсандар коп болсун! Азыр копчулугу телефон которуп чуркашат жардам бергендин ордуна
12.01.2019. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдоочу Постсоветтик олколордон барган мигрант деп жазылып журот башка сайттарда.
12.01.2019. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nur777,Ээ кызык экенсин да камчаткадан болбойбу,жардамын берген азамат айалга рахмат.
13.01.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец экен. А биздечи байкуш балдарды ур-токмокко алып, олтуруп коюп атышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: