super.kg logo

Ысык-Көлдө мүрзөдөгү эстеликтерди талкалап кеткендер изделүүдө

 

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы православдардын мүрзөсүн талкалап кеткендерди издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ айылдын тургундары белгисиз адамдар мүрзөнүн тосмолорун, көрүстөндөгү эстеликтерди, белгилерди сындырып, гүлдөрдү туш тарапка чачып кетишкенин билдиришкен. Бүгүн айыл тургундары мүрзөнүн жанына топтолушуп, чогулуш өткөрүштү. Алар мындай жагымсыз жорукту кылгандарды жазасыз калбашы керектигин айтышууда.

"Бул факт боюнча окуя болгон жерде кароо жүргүзүлгөн. Жалпы санынан 35 жыгач эстелик жана 2 мрамор эстелик талкаланганы аныкталды. Учурда бул факт боюнча иликтөө жүрүп, кылмышка шектүүлөрдү аныктоо иш-аракеттери улантылууда", - деп билдиришти милициядан.

Жергиликтүү тургундар болжол менен 89 көрүстөндөгү эстелик, тосмо, гүлдөрдү талкалоо аракеттери болгонун айтышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
12.01.2019. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Demokratiyanyn paydasy.mamleket ozu menen ozu nalog chogultup kazyna tolturmay el ozu menen ozu.chachyrandy oy pikirler. Kimdir boroo baylyk menen ubara kimdir biroo soz menen ubara
12.01.2019. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустардын мүрзөсүго, муну өзүңөрдүн эле орустарыңар "памятка" деп ичип келип алып талкалашканго, бир-бири менен мушташа кетишип, атак кыргыздар мүрзөгө ичип барышпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: