super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнө жасалма паспорт менен кирген чет өлкөлүк 3 жаран кармалды

 

Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган чет өлкөлүк 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-январда "Ак-Жол" унаа өткөрүү пунктунда чек арачылар Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга бара жаткан Түркия Республикасынын 3 жаранын кармаган. Текшерүү учурунда алар Түркиянын атайын кызматтык паспортторун көрсөтүшкөн. Чек арачылар алардын паспортунда жасалмалуулуктар бар экенин байкашкан. Текшерүү иштеринде белгилүү болгондой, алар буга чейин Кыргыз жерине жасалма документтер менен киришкен.

Мындан ары иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кармалган адамдар УКМКнын аймактык бөлүмчөсүнө өткөрүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.01.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин органдар сабатсыз. Себеби органда иштегендер байдын бизнесмендин балдары. Билимдүүлөрдү жолотбойт.
Эч ким тоготбогон Милицияга кириш 80мин сом...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: