Ошто кайнисинин баласын шымына сийип койгону үчүн сабап өлтүргөнгө шектелип кармалган аял 6 айлык кош бойлуу
Ошто кайнисинин баласын шымына сийип койгону үчүн сабап өлтүрүп койгонго шектелип кармалган аял 6 айлык кош бойлуу. Ал буга чейин 5 баланын энеси болгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, каза болгон 2 жаштагы наристе тарбияланган үй-бүлөнүн турмуш шарты начар экендиги, шектүү келин базарда алма сатып иштесе, күйөөсү араба түртүп тиричилик кылышканы маалымдалган. Кечээ өлтүрдү делген келиндин үйүнөн кароосуз отурушкан 5 бала шаардагы "Боорукерлик" реабилитациялык борборго алып кетилген. Бүгүн кайра кылмышка шектүүнүн күйөөсү жана кайнисине кайтарылып берилди. Үйдө шектүү келиндин 5 баласы, кайнисинин 2 баласы болуп 7 бала тарбияланган.
"Бүгүн сотто кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасы каралды. Сот тергөө-иликтөө иштери аяктаганга чейин кылмышка шектүү катары кармалган 30 жаштагы К.Б.ны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ошондой эле кылмышка шектелген келин 6 айлык кош бойлуу экендиги да аныкталды. Андан сырткары анын 5 баласы бар, эң улуусу 12 жашта", - дейт облустук милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
10-январь күнү Ош облустук ооруканасына жеңеси тарабынан катуу сабалып 2 жаштагы наристе келип түшкөн. Дарыгерлер анын ооруканага чейин эле каза болуп калганын аныктап, милицияга кабарлашкан. Шектүү катары кармалган 30 жаштагы келин аны шымына сийип койгону үчүн тарбиялоо иретинде уруп койгонун айткан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (этиятсыздыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Сөзүңүзгө аралжы дегендей, жаш кыздар хиджаб кийсе эле ыймандуу деп ойлочумун, өткөндө маршруткада кетип бара жатып бир хиджаб кийген жапжаш кыз бетин табактай кылып отуруп алып жанында кичинекей кызы менен туруп бара жаткан эжеге орун бошотуп бербей койгонунан бул оюман кайттым. Хиджаб кийген кыздын баары эле ыймандуу-ызаттуу эмес экен көрсө...