super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 13-ЯНВАРЬ: Кыргыздын залкар ырчы, обончусу Чубак Сатаев көзү тирүү болгондо бүгүн 59 жашка чыкмак

 

Кыргыздын залкар ырчы, обончусу Чубак Сатаев көзү тирүү болгондо бүгүн, 13-январда 59 жашка чыкмак. Ал 1960-жылы Талас облусунун Боо-Терек айылында туулган.

Чубак Сатаевдин жакындары анын ырга, музыкага болгон таланты апасынан, тай жагынан өткөн дешет. Бала кезинде эле музыкага дилгирлиги артып, Марат деген кошунасынын аккордеонуна көзү түшүп калат. Кошунасынын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, ал аспапта ойногонду үйрөнөт.

Айылынын, районунун жылдызына айланган Чубак Сатаев аскерден келип, Таластагы Тургунаалы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болуп, “сен олуттуураак ырларга өт” деген Нурматовдун сөзү менен ырларын чыгара баштайт. “Арман, ай”, “Кайгырбачы, кан досум” “Кең дүйнө”, “Ак бата” ырлары хит болуп, күнү бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй келет. Ал 33 жашында 33 обондуу ыр жаратканга жетишкен.

Чубак Сатаев 1993-жылы капысынан дүйнө менен кош айтышкан. Ал күнү концерттен соң сахнанын артына өтүп, башын мыкчып, “кежигем тырышып жатат” деген боюнча жыгылып калган. Оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 2 күн жатып көз жумат. Дарыгерлердин айтуусунда, мээсине кан куюлуп кеткен.

Учурда анын уулу, ырчы Кубаныч Сатаев атасынын атын өчүрбөй, ырларын кайрадан жаңыртып элге тартуулап келет. 2017-жылы Чубак Сатаевдин өзү туулуп-өскөн айылына айкели тургузулган. Айкелдин ачылышы 2018-жылдын жаз айларында болгон.

13-январдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
13.01.2019. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаш эле болгон экен да чыныгы талант.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: