super.kg logo

"Мага үйлөнүшүн 14 жылдан бери айтып жүрдүм. Бирок аны менин айыккыс оорум гана ынандырды" дейт сүйгөнүнө 50 жашында жеткен британиялык аял

 
Англиялык 50 жаштагы Клео Кэмпбелл көптөн бери ишке ашыра албай жүргөн кыялына айыккыс оорусу өтө өтүшүп кеткен учурда жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.
Клео жана анын сүйгөнү Кит Седдон 1988-жылы таанышышкан. Бирок бири-бирине болгон жылуу сезимине карабастан мыйзамдуу түрдө жубай болууга шашылышкан эмес. Анткени менен чогуу жашап, Кит Клеонун 2 баласына каралашып, аталык мээрим көрсөтүп келген.
Сүйүшкөндөр жалпысынан 18 жыл чогуу жашашкан. Анын 14 жылында аял сүйгөнүнөн ага үйлөнүүсүн суранып келген. Клео жигитине мындай сураныч менен дээрлик күн сайын кайрылган учурлар болгонун айткан.
"Кит Седдон үйлөнүүнүн мааниси деле жок деп жооп берчү. Бирок мен анын терс жоопторун кабыл алгым келбей кат түрүндө, оозеки, белектин ичине жазып, мага үйлөнүшүн сурай берчүмүн. Эртең менен "мага качан үйлөнөсүң?" деген билдирүүлөрдү жазып кеткен күндөр көп болгон", - дейт Клео Кэмпбелл.
Кийин дарыгерлер аялга өпкөсүнөн айыккыс илдетке кабылганын айтышкан. Анын абалы күндөн-күнгө начарлап жаткан чакта да кыялын орундатуудан артка кайткан эмес. Ал өзүнүн тилеги тууралуу дарыгерлерге айтып, алар ага гүл, көйнөк алып келишип, боёнтуп, жасантып үйлөнүү-үлпөтүнө даярданышкан. Андан кийин сүйүктүүсү Кит Седдонду чакырышкан. Аялдын мындай даярдыгын көргөн Кит анын көп жылдардан бери айтып жүргөн сунушун четке какпай, 30 чакты жакындарынын катышуусунда мыйзамдуу түрдө аял-күйөөсү болушкан.
"Тагдыр мага каардуу болду. Бирок мен бакытты сезүү үчүн аракетимди токтоткон жокмун. Эми мен өзүмдү өтө бактылуу аял сезип жатам", - деген ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
13.01.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Байкушту мынча жалдыраткан...
13.01.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
#Тагдыр мага каардуу болду.Бирок мен бакытты сезүү үчүн аракетимди токтоткон жокмун.# Тагдыр каарын эч кимге,чачпасын...
14.01.2019. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйлонду деген аты эле болбосо нике жок жашап жургон.Бул туура эмес 14 жыл чогуу жашап
14.01.2019. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буга чейин эле уйлонгондо оорубай кала беле себеби адам ойлонгодо стресс болгондо да оорусу кучойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: