super.kg logo
  Саясат  

Профессор Замира Дербишева кыргыз тилин бизнесте, технологияда колдонбосо, үй-бүлөлүк тил бойдон кала берерин айтты

 

"Кыргыз тилин үй-бүлөлүк деңгээлден өйдө көтөрүү үчүн эне тилибизди бизнесте, соода-сатыкта, технологияда, билим берүүдө толук колдонууга өтүү керек",- деди бүгүн, 19-июлда Мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү бонча түзүлгөн жумушчу топтун жыйынында аталган топтун мүчөсү, филология илимдеринин доктору Замира Дербишева. Айтымында, тилдин маалыматтык базасын түзүү үчүн өлкө каражаттын көбүн ушул багытка буруусу керек. "Китепканалардын дээрлик 90 пайызы орус тилиндеги китептер менен толтурулган. Коомчулукта тилдин өнүгүшүнө кыргыз тилдүү журналисттер, гезит, телерадиолор  чоң салым кошууда",- дейт Дербишева. Илимий диссертацияларды кыргыз тилинде гана жазууга өткөрүү керектигин кошумчалады ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: