super.kg logo

Ысык-Көлдө 2 жаштагы наристе шымына сийип койгону үчүн катуу сабалып, ооруканадан чарчап калган окуя боюнча тергөө аягына чыга элек

 

Ысык-Көл облусунда 2 жаштагы наристе шымына сийип койгону үчүн катуу сабалып, кийин ооруканадан чарчап калган окуя боюнча тергөө иштери аягына чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 23-декабрь күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Жети-Өгүз райондук ооруканасына 2 жаштагы наристе денесиндеги ар түрдүү жаракаттары менен келип түшкөн. Кийин ал жандандыруу бөлүмүндө чарчап калган. Бул кылмышка шектүү катары наристенин таежеси кармалган. Ал соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

"Бул окуя боюнча тергөө амалдары аягына чыга элек. Учурда кылмышка шектүү камакта отурат. Тергөө аягына чыгары менен иш сотко өткөрүлөт. Баланын апасы Орусиядан келгени тууралуу маалымат түшкөн, бирок милицияга кайрылган эмес", - деп билдиришти милициядан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Баланын апасы 21 жашта. Ал жолдошу менен ажырашып, Орусиянын Москва шаарына иштөө үчүн 12-декабрда кеткен. Ал эми баласын бир тууган эжесине таштаган. Шектүү катары кармалган наристенин таежеси алгачкы көрсөтмөдө баланы шымына сийип койгондугу үчүн сабаганын айткан. Ал баланы чымчып жана далысына бир-эки жолу чаап, төшөккө ороп жаткырып койгон. Бир аз убакыт өткөндөн кийин баланын абалы начарлаганын байкап ооруканага алып келген. Бул факт боюнча алгач Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кийин козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлүп, кылмышка шектүүгө 104-берене (саламаттыкка атайылап оор зыян келтирүү) боюнча айып тагылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2019. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тим эле өздөрү тже өзүнүн балдары шымына сийбейгендейго.... Өкүнүчтүү... Күн алыс жаш балдардын, чоңдор тарабынан сабалып,каза болгону. Жоопкерчилик жок! Чыдасаңар анан жоопкерчиликти моюнга алгыла , колуңардан тезек келбегенден кийин,не кыласыңар алып калып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: