super.kg logo

Депутат Акылбек Жапаров: "Парламенттин жыйынына келбеген өкмөт жетекчилери иштен кетсин"

 

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат. Анда "Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралар алдында жыйынга чакырылган өкмөт жетекчилердин өздөрү эмес, орун басарлары келгени сынга алынды.

Депутат Акылбек Жапаров комитетке чакырылган жетекчилер жыйынга келбесе жумуштан кетүүсү керектигин билдирди.

"Өкмөттүн жетекчилерин тартипке чакыралы. Бирөө тойдо, бирөө эс алууда. Карап коё берели деп жатып парламенттин салмагын жоготуп жатабыз. Эки жолу биздин комитеттин жыйынына чакырылган министрлерди иштен алсын деп премьер-министрге депутаттар сунуш беребиз. Иштебесе кетсин! Иштейм дегендер толтура", - деди эл өкүлү.

Бул мыйзам долбоорун жыйында кароону тармактык комитеттин депутаттары күн тартибинен алып салышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: