super.kg logo

Байге фонду 1 миллион сом: Beeline Dota 2 боюнча Кибер Лиганын гранд-финалына бардык каалоочуларды чакырат

 

Dota 2 тартиби боюнча ири байгелер фондун камтыган беттеш Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында 19-январда өтөт. Популярдуу оюнда жеңиш үчүн 20 катышуучудан турган 4 команда күч сынашат.

Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, киберлиганын финалы - Кыргыз өлкөсүндөгү киберспортчулардын көптөн күткөн иш-чарасы. Көрүүчүлөргө кызыктуу мелдеш түз алып көрсөтүлөт. Программада бир эле мелдеш эмес, косплей-костюмдар сынагы, лазер жана жарык түстөрдөн шоу, интерактивдер жана башка көптөгөн кызыктуу оюндар, сынактар камтылган. Бул сынактарга Beeline компаниясы жана техникалык өнөктөшү - Republic of Gamers (TMAsus) операторунан түрдүү белектер берилет. Мындан тышкары Dota 2 боюнча жылдыздар менен шоу-матч уюштурулат. Иш-чара өтүп жаткан 8-9 саат убакыт ичинде көңүл ачуучу түрдүү оюндар жана тамактануучу бурчтар уюштурулат.

Гранд-финалга 4 команда катышат - WithLoveFromOSH, NoLifer5, Tactical plus 4 жана Mystic Staff. Командалардын мүчөлөрү 399 команданын ичинен суурулуп чыккан, тактап айтсак, 1995 оюнчу катышып, анын арасынан гранд-финалга жетишти.

Финалдык турда жеңишке жеткен команда 500 миң сом каражатка ээ болот. Beeline Cyber League турниринин жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт. Мелдештин эрежесине ылайык, ага 14 жаштан жогорку өзүнүн командасына 5 киши топтой алган каалаган адам катыша алды. Каалоочулар оюнга катышууга Beeline'дын оюнчулар үчүн түзгөн атайын «GG» тарифине кошулган.

Гранд-финалды көрүүгө кирүү үчүн стандарттык билеттин баасы 300 сом, VIP билеттер 1000 сомдон сатылат. Билеттерди ticket.kg сайты аркылуу алууга болот. Balance.kg, Besmart.kg менен төлөм жүргүзгөн учурда билетке 50 пайыз арзандатуу болот. Мындан тышкары Бишкектин Ахунбаев көчөсү 94/3, Ч.Айтаматов көчөсү №29, Киев көчөсү №190 даректериндеги компьютердик клубдардан жана Beeline компаниясынын төмөнкү даректеринен алсаңыздар болот.

  1. ЦУМ-2. Чүй проспектиси 155, негизги кире бериш;
  2. "Беш Сары City" соода борбору, Бейшеналиева көчөсү 42, Чүй көчөсү тараптан киргенде;
  3. "Вефа" соода борбору, Горький көчөсү 27/1;
  4. ОРДОнун борбордук кеңсеси. Ибраимов көчөсү 115/1. Гоголь көчөсү тарабынан киргенде.

Иш-чара саат 11:00дө башталат.

Beeline Кибер Лигасы – Кыргыз өлкөсүндөгү компьютердик оюндар спортун өнүктүрүү үчүн көтөрүлгөн демилге. Ага катышуу менен кызыккандар өздөрүн профессионал киберспорчу катары өстүрө алышат. Эл аралык аренада бул спорттун оюнчулары буга чейин эле жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушкан. Киберспорттун өзүнүн да келечеги чоң. Компаниянын кийинки пландарында - оюнчулар бирикмеси үчүн аянтча ачуу, келечекте эл аралык аренада Beeline'дын Кибер Лигасын тааныта ала турган оюнчуларды тандоо.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
15.01.2019. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дота.болбойт.cs.go.жакшы.оюн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: