Теннисчи Мария Шарапова Австралияда өткөн ачык чемпиондукта экинчи айлампага чыкты
Орусиялык теннисчи Мария Шарапова атаандашы британиялык Хэрриет Дартты "Ачык Австралия" турниринде 6:0, 6:0 эсебинде жеңди. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар жазып чыкты.Маалым болгондой, 31 жаштагы теннисчи Австралияда өткөн ачык чемпиондуктун экинчи айлампасына кыйынчылыксыз эле өткөн. Шарапова атаандашын 1 саат 3 мүнөттүк убакытта жеңген. Ал эми экинчи айлампада швециялык Ребекка Петерсон менен кез келет.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын июнь айында Эл аралык теннис федерациясы Мария Шарапованы мельдоний колдонгону үчүн 2 жылга теннис ойноодон четтеткен. Спорт арбитраждык соту мөөнөттү 15 айга кыскарткан.
Мария Шарапова спортко 2017-жылы Кытайдын Тяньцзинь шаарында 9-15-октябрь аралыгында өткөн мелдешке катышуу үчүн кайтып келген. Аталган мелдеште ал жеңүүчү аталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:00
2025-11-07
Рейтинг:
-1
-1
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















