super.kg logo

Иранда кулаган учак Бишкектен 30 тонна эт ташып бараткан

 

Иранда кулаган учак Бишкектен эт ташып бараткан. Бул маалыматты SUPER.KG'ге "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова тастыктады. Анын айтымында, учак бортунда 30 тонна мал эти болгон.

"Boeing 707 учагы Бишкектен эт жүктөп кеткени чын. Анда жалпы 30 тонна мал эти болгон. Бирок эмне малдын эти болгону бизге белгисиз", - деди Курбанова.

Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Садырбекованын билдиргенине таянсак, 11-январда Иранга 30 тонна кой этин ташып кетүүгө уруксат берилген.

Бүгүн 14-январдын таңында Бишкектен учуп чыккан Boeing 707 учагы Ирандын Карадж шаарындагы "Пайам" аэропортуна конуу үчүн бараткан. Бирок катачылыктан улам учкуч ошол эле шаардагы "Фатх" аэропортуна бет алган. Маалыматтарга караганда, учкуч учакты башкара албай калып, конуучу тилкеден чыгып калк жайгашкан районго кирип кеткен. Иран ЖМКлары учактын бортундагы 16 экипаж мүчөсүнүн бирөө гана аман калганын жазды.


кошулду





Бишкектен чыккан учак Тегеранда кырсыкка кабылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
14.01.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Башка мамлекеттерге эт экспорт болот экен, анда эмнеге бизде мал кымбаттабай жатат?!
14.01.2019. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
bond02,эми ошол эле калды эле кымбаттабаганы жон отурчу ай.и так 1кг уй эт 360сом.
14.01.2019. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mikra,мал арзан.
14.01.2019. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mikra,кыргыз мал жандуу калк келет, кыргызда малдын кымбат болгону жакшы.
14.01.2019. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эт кымбат мал арзан
14.01.2019. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Деги ойлонуп калдым ал чын эле адал эт болду бекен?Же жанагы топ-топ кылып багып жаткан эшектердин эттерин депутаттар экспорттодубу?
Eli.91 түзөттү 2019-01-14 20:48:25
14.01.2019. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реэкспорт да болушу мүмкүн
15.01.2019. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул учак кырсыкка кабылбаса дагы эле көмүскөдө калмак экенда мынча контрабанда акчалар кайсы бийликтеги адамдын чөнтөгүнө түшүп жатканы белгилүү!!!
Изилдөө жүргүзсүн күнөөлүү адам жооп берсин жүктүн ээси???
Мынча тоннна эттердин канчасы кетти болду экен...
28жылдан бери 120 койлорго закон иштебей эле келет.Кечээ чыккан мыйзам 1 январда түкүрүк боюнча штраф төлөп жатышат карапайым калкты азапка салып. Өздөрү жатат элдин бетине олчойтууп сасытып бүттү чы..п!!!
Feiza1982 түзөттү 2019-01-15 02:57:27
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: