super.kg logo

Орусияда көп кабаттуу үйдөгү газдын жарылуусунан 1 адам каза болуп, төртөө дайынсыз болууда

 

Орусиянын Ростов облусунда көп кабаттуу үйдө газ жарылып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кырсык Ростов облусунун Шахты шаарында эртең мененки саат 06:48 чамасында 9 кабаттуу үйдө орун алган. Алдын ала берилген маалыматка ылайык, газ батирлердин биринде жарылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

"Жарылуудан жабыркаган батирлерде 12 адам жашап келген. Алардын ичинен 7 адам куткарылып, бир адам каза болду. Каза болгон аял 9-кабатта жашап келген, аны менен бирге күйөөсү жана баласы болгон, учурда алар ооруканада жатат. 9-кабатта жашаган дагы бир аял, ошондой эле 8-кабатта жашаган 3 адам дайынсыз болууда. Андан сырткары дагы 5 адам куткарылган", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, ушул сыяктуу кырсык Орусияда мындан эки апта мурун да катталган. Анда Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү таңкы саат 6:00дө көп кабаттуу үйлөрдүн биринен газ түтүгү жарылып, жыйынтыгында 35 батир толугу менен урап түшкөн. Дагы 10 батир жарым-жартылай кыйраган. Кырсыктын кесепетинен 39 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.01.2019. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын.Газдан баш тартып плита эле колдонгулачы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: