super.kg logo
  Саясат  

Депутат мурдагы финансы министри Касымалиевге кайсы кызмат даярдалып жатканына кызыкты

 

Бүгүн, 14-январда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйыны өттү. Аталган жыйында "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Анда депутат Руслан Казакбаев тышкы карыздын жылдан жылга өсүп жатканын сынга алды.

Казакбаевдин айтуусунда, учурда тышкы карыздын көлөмү 70 пайызга чейин көтөрүлүп жатат.

"Башында 55,5 пайыз болду. Башыбызды айландырып отуруп 70 пайызга көтөрүп жатасыңар. 2017-2018-жылдары 60 пайыздан ашпаса 70 пайыздын эмне кереги бар? Эгерде 70 пайыздан ашып кетсе эмне болот? Бактыгүл Жаныбековна, айтыңызчы ашып кетсе эмне болот, ким жоопкерчиликти тартат?" - деди эл өкүлү.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева тышкы карыз ички дүң продукциянын 65 пайызынан жогору болсо өзү жоопкерчиликти аларын айтты.

Эл өкүлү Казакбаев "бүгүнкү күнгө чейин тарыхта биринчи ирет финансы министри журналисттердин жана депутаттардын алдында жоопкерчиликти өзүм алам деп айтты", - деди.

Ошону менен бирге "Мамлекеттик кызматтарга келгенде эле жакшы кадрлар жок дейсиңер. Толтура мыкты адистер иш таппай жүрөт, аларды эмнеге тартпайсыңар?" - деп өкмөт өкүлүнө суроо салды.

Депутат мурдагы финансы министри Адылбек Касымалиев кызматтан эмне себептен кеткенине кызыгып "Башка министрлер арыз жазгандан кийин бир топ убакытта кетет экен. Эмне үчүн Адылбек Алешович дароо кетти. Ал киши өкмөттөгү мыкты кадр болчу. Же премьер-министр Касымалиевге кайсы бир кызмат ордун даярдап жатат", - деди.

Өкмөттүн өкүлү Адылбек Касымалиев ден соолугуна байланыштуу өз арызын жазып кызматтан кеткенин айтып, аны өкмөт башчы кайсы кызматка коё тургандыгынан маалыматы жок экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: