super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкеринин колуна бычак сайган жаран эки айга камалды

 

Бишкекте милиция кызматкеринин колуна бычак сайган жаран эки айга камакка алынганын SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 11-январь күнү Бишкектин октябрь районундагы үйлөрдүн биринде жаңжал болуп жатканы боюнча маалымат түшүп, айтылган дарекке милиция кызматкерлери барышкан.

"Милиция кызматкерлери барганда үй ээси арыз берүүдөн баш тартып койгон. Андан кийин С.Э. аттуу аймактык милиция кызматкери керектүү материалдарды чогултуп жаткан. Ошол учурда үй ээлеринин биринин 1959-жылы туулган К.В. аттуу бир тууганы мас абалда милиция кызматкерине бычак саюуга аракет кылган. Милиция кызматкери өзүн коргоого аракет кылганда бычак сол колунун чыканактан жогору жагына сайылган.

Алган жаракатынан улам С.Э. ошол эле күнү Улуттук госпиталга жаткырылган. Аталган факт боюнча кылмыш иши ачылган. Факты чогултулган материалдардын негизинде октябрь райондук сотунда каралып, соттун чечими менен К.В. эки айга камакка алынды", - деп кабарлашты ШИИББден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: