super.kg logo
  Саясат  

Мурдагы элчи Кылычбек Султан: "Жээнбеков бул жылды реформалардын эмес, репрессиялардын жылына айлантып алганын өзү байкабай калышы мүмкүн"

 

2018-жыл - резонанстуу саясий окуяларга бай жыл болду. Саясий серепчилердин көбү "президент Сооронбай Жээнбеков былтыркы жылын эски бийликтин кадрларынан тазаланууга коротту" деп баа беришти. 1 жылдан кийин парламенттик шайлоо өтөрүнө байланыштуу быйыл да саясий биригүүлөр, кадрдык өзгөрүүлөр, өкмөттүн отставкасы сыяктуу маанилүү окуялар орун алары айтылууда.

SUPER.KG порталынын "Бул жылы президент Сооронбай Жээнбековдон эмнелерди күтүүгө болот?" деген соболуна мурдагы элчи Кылычбек Султан жооп берди.

Кылычбек Султан эгерде Өмүрбек Бабанов жеңишке жетишкенде азыр чечкиндүү реформалардын күбөсү болмокпуз деген пикирде.

"Жээнбеков үчүн бул жыл тагдыр чечүүчү жыл болот деп ойлойм. Карапайым эл ар дайым президенттен реформаларды күтөт. Азыр элде андай үмүт өчүп баратканы байкалууда. Өткөн жылды "Аймактарды өнүктүрүү" жылы деп жарыялаганы менен, чындыгында өзүн бийликке алып келген санаалаштарына каршы күрөшүү жылы болду. Эгерде Бабанов жеңишке жетишкенде азыр чечкиндүү реформалардын күбөсү болмокпуз, анткени Бабанов реформатор экенин премьер кезинде далилдей алган.

Менин чочулаганым, Жээнбеков бул жылды реформалардын эмес, репрессиялардын жылына айлантып алганын өзү байкабай калышы мүмкүн. Анын аягы жакшылыкка алып барбашы баарыбызга эле белгилүү", - дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Эмил Токтошев, Марлен Маматалиев, Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, экономика боюнча эксперт Айылчы Сарыбаев, саясат таануучулар Эмилбек Жороев, Орозбек Молдалиев, Игорь Шестаков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: