super.kg logo

Москвадагы сейил бакта майрам учурунда сынып кеткен көпүрөдөн жабыркагандарга 500 миң рублга чейин компенсация төлөнөт

 

Москвадагы сейил бакта майрам учурунда сынып кеткен көпүрөдөн жабыркагандарга 500 миң рублга чейин компенсация төлөнөт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 31-декабрдан 1-январга караган түнү Москва шаарында жайгашкан Максим Горький атындагы сейил багында орун алган. Анда сынып кеткен көпүрөдөн 13 адам ар түрдүү жаракаттарды алган. Бул окуядан кийин сейил бактын директору кызматынан бошотулган.

"Шаар жетекчилигинин буйругуна ылайык, бул кырсыкта жабыркап ооруканага түшкөндөргө 500 миң, ал эми амбулатордук дарылануудан өткөндөргө 250 миң рубль өлчөмүндө акчалай компенсация төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин белгилүү болгондой, 5 метрлик көпүрөнүн кыйроосуна муз аянтчасын куруудагы техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгон. Көпүрөдөн сырткары муз аянтчасынын бир нече чарчы аянты да жараксыз абалга келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: