super.kg logo

Никол Пашинян Армениянын премьер-министри болуп шайланды

 
Армениянын президенти Армен Саркисян өлкөнүн жаңы шайланган парламентинин жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып Никол Пашинянды дайындады. Саркисяндын мындай указы президенттин расмий сайтында жарыяланды.
Армениянын Баш мыйзамына ылайык, өлкө башчысы парламенттеги көпчүлүктүн сунушу менен премьер-министрликке кандидатты дайындайт. Ал эми министрлер кабинети премьер-министр дайындалган соң 15 күндүк мөөнөт менен түзүлөт. Мындан соң өкмөт башчы 20 күндүн ичинде Улуттук жыйынга министрлер кабинетинин программасын алып чыгуусу керек.
Декабрь айындагы шайлоонун жыйынтыгы менен түзүлгөн Армениянын 7-чакырылыштагы парламенти 132 депутаттан турат. "Менин кадамым" башкаруу блогу 88 мандатка, "Гүлдөгөн Армения" партиясы жана "Жаркын Армения" партиясы 26 жана 18 мандатка ээ болушкан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: