super.kg logo
  Спорт  

Азия Кубогу-2019: Кыргыз курама командасы Филиппинди жеңсе, тайпадан чыгууга толук мүмкүнчүлүк алат (беттештердин жыйынтыгы)

 

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия Кубогунун тайпалык баскычынын 2-туру жыйынтыкталды. Тайпалык этаптын жыйынтыкталышына 1 тур калганда плей-офф баскычына катышууга мүмкүнчүлүк берүүчү 16 жолдомонун 9у өз ээлерин тапты. Иордания, Кытай, Түштүк Корея, Иран, Ирак, Катар, Сауд Арабиясы, Өзбекстан жана Япония өлкөлөрү 3-турдун жыйынтыгынан көз карандысыз мелдештин жарым чейрек финалында ойношот. Калган 15 команданын ичинен мыкты 7 команда тандалып алынып, жалпы 16 команда плей-офф баскычына өтүү үчүн ат салышат. Тактап айтканда, тайпадан 1-2-орунду алган 12 курама жана 3-орунду камсыздаган 4 мыкты команда чейрек финалга чыгуу үчүн күрөшөт.

А тайпасы

Бириккен Араб Эмираттары - 4 упай;
Индия - 3 упай;
Таиланд - 3 упай;
Бахрейн - 1 упай.

Талаа ээлери Индия курамасын 2:0 эсебинде жеңип, 4 упай чогултса, Таиланд өлкөсү Бахрейнди жеңип, 3 упайга ээ болду.

В тайпасы

Иордания - 6 упай;
Австралия - 3 упай;
Сирия - 1 упай;
Палестина - 1 упай.

"В" тайпасында Иордания өлкөсү 2:0 эсеби менен Сирияны жеңип, жалпы 6 упайга ээ болуп плей-офф баскычына өттү. Ал эми өткөн турда жеңүлүү ызасын тартып калган Австралия курамасы Палестинаны 3:0 эсебинде ири айырмачылык менен жеңип алды.

С тайпасы

Кытай - 6 упай;
Түштүк Корея - 6 упай;
Кыргыз өлкөсү - 0 упай;
Филиппин - 0 упай;

"С" тайпасында Кыргыз курама командасы кайрадан жеңилүү ызасын тартып калды. "Ак шумкарлардын" Түштүк Корея менен беттеши 0:1 эсебинде жыйынтыкталды. Ал эми Кытай менен Филиппиндин беттеши ири эсепте коңшу өлкөнүн пайдасына жыйынтыкталып, натыйжада голдордун айырмачылыгын эске алуу менен Кыргыз өлкөсү 3-орунду сактап калса, Филиппин 4-орунда жайгашты. 3-турда Кытай менен Түштүк Корея тайпанын лидерин аныкташса, Кыргыз өлкөсү менен Филиппиндин беттешинде 3-орундун тагдыры чечилет. Улуттук курама команданын бир да упай топтой элегине карабай Филиппин өлкөсүн жеңсе, жарым чейрек финалга өтүүгө толук мүмкүнчүлүк пайда болот.

D тайпасы

Иран - 6 упай;
Ирак - 6 упай;
Вьетнам - 0 упай;
Йемен - 0 упай.

"D" тайпасынын өкүлдөрү Иран жана Ирак өлкөлөрү плей-офф баскычына өтүү тапшырмасын аткарышты. Эми өз ара беттеште тайпадан кимиси 1-орун менен чыга тургандыгын аныкташат. 2-турда Иран курамасы Вьетнамды 2:0, Ирак курамасы Йеменди 3:0 эсебинде утуп алды. Йемен жана Вьетнам курамалары 3-турда тайпадагы үчүнчү орун аркылуу кийинки этапка өтүү мүмкүнчүлүгүн талашышат.

Е тайпасы

Катар - 6 упай;
Сауд Арабиясы - 6 упай;
Ливан - 0 упай;
Түндүк Корея - 0 упай

2-турдагы эң ири жеңишке Катар өлкөсү Түндүк Кореянын үстүнөн жетишти. Алгачкы турда 4 жоопсуз голду өз дарбазасына өткөрүп алган түндүк кореялыктар катарлыктардан 6 гол өткөрүп, бир да жолу жооп кайтара алышкан жок. Ал эми Иран менен Ливандын беттеши 2:0 эсебинде жыйынтыкталып, голдордун санына жараша Ливан 3-орунга жайгашты.

F тайпасы

Өзбекстан - 6 упай;
Япония - 6 упай;
Оман - 0 упай;
Түркмөнстан - 0 упай.

F тайпасында бет келген коңшу өлкөлөрдүн оюну 4:0 эсебинде Өзбекстандын пайдасына чечилди. Ири эсепте жеңилүүгө дуушар болгон Түркмөнстан курамасы тайпада 4-орунга түшүп калса, Япониядан 1:0гө жеңилген омандыктар 3-орунга көтөрүлүштү. Жыйынтыктоочу турда Өзбекстан-Япон курамалары беттешсе, Түркмөнстан-Оман беттешинде 3-орундун ээси аныкталат.

Статистика:

  • 2-турда орун алган 12 беттеште бир да тең чыгуу катталган жок жана жеңишке жетишкен 12 команданын бири да өз дарбазасына гол өткөрбөй баары "кургак" жеңишке жетишишти.
  • Бомбардирлер тизмесинин башкы сабында 5 голу менен Катар курамасынын чабуулчусу Алмоез Али келе жатса, голдук пастардын саны боюнча да лидерлик сапта 4 чечүүчү пасы менен катарлык футболчу Акрам Афиф алдыда.
  • Эң көп гол жараткан Катар курамасы атаандаштарына 2 оюнда 8 гол киргизип, бир да гол өткөрө элек болсо, Түндүк Корея өз дарбазасына 10 гол өткөрүп, 1 да гол жарата албай, 2 турдун эң алсыз командасы аталды.
  • 2 турда жалпысынан 24 беттеш өтүп, 4 оюнчуга кызыл айып кагазы көрсөтүлдү. Кызыл кагаздын ээлери түндүк кореялыктар Хан Кван Сон, Чон Иль Гван, палестиналык Мохамед Салех жана өзбекстандык Егор Кримец болду.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
14.01.2019. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыгылган күрөшкө тойбойт дейт эми бир аракет кылып көргүлөчү шумкарлар
14.01.2019. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кадырбеков,Кичин,Козубаев,Тэго,Исраилов,Мусабеков,Бернхардт,Дуйшобеков,Землянухин,Мурзаев,Люкс.Ушулар толук курам менен чыкса утабыз буюрса!
14.01.2019. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Филиппин менен качан ойнойт
14.01.2019. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akzhol000,16 январда
14.01.2019. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Үмүт деле калган жок. Ар дайым өзүбүздү алдап келебиз кийинки жолу женет деп, дагы деле умуттонобуз.
15.01.2019. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamiev, умут еч качан олбойт керек болсо биздин курама утулуп калса дагы ар дайым колдоп умут кылып турабыз иншаллах плей оф го чыгабыз
14.01.2019. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
алга ак шумкар! аллах колдосун!
14.01.2019. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон гана ийгилик каалап коёлу). Ушунчасынада ыраазычылык АК Шумкарларга
15.01.2019. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Berliane123454,ошону айтсан 4 0го женилген жок болгоно элу 1 0 женилдик если судя пеналти бергенде 1упай алат элек
16.01.2019. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muratmipa,чындыгында мыкты оюн корсотушту
14.01.2019. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алладан дуба кылалы. Жигит пири колдосун. Шумкарларымды. Алга. Ишенебиз силерге. Жениш менен келгиле. Оомиин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: