super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кадамжайдагы кырсык көп болгон унаа жолдо кудуктун капкагы жок ачык жатканы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда

 

Кызыл-Кыя-Кадамжай унаа жолунун Пүлгөн айылындагы тилкесинде кудуктун капкагы жок ачык жатканы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу "ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман билдирди.

Окурман дал ушул көчөдө жол кырсыктары көп болорун айтат. Ошондой эле унаасынын дөңгөлөгү түшүп кеткенин кошумчалады. "Караңгы болгондуктан жолдо эч нерсе көрүнгөн эмес. Белги дагы коюлбаптыр. Биз четине таштарды коюп койдук. Айланма жол бүтүп ылдый тарапка кетип жатканда унаалар катуу ылдамдыкта жүрүшөт. Айдоочулардын коопсуздугу үчүн мэрия ушундай маселелерге дагы көңүл буруп койсо жакшы болмок", - деди ал.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Кадамжайда жолдогу люк ачык турганы айдоочуларга ыңгайсыздык жаратууда

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
Медиа-портал
14.01.2019. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушул да созбу?Эркек куруп калганбы Кадам-Жайда?Тооба дегиле,аракет кылгыла оозунарды ачпай.Мамлекет деп эле долу катындай болбой ондоп койсонор болот да.
Медиа-портал
14.01.2019. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Skarlett-Skarlett, Налог төлөш керек дегенде акчаны мамлекет алып ошол акчанын менен жол оңдош керек болгондо эл өзү оңдош керекпи?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: